Йемендик хуситтердин чабуулдарынан улам Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалынын начарлашы футбол адистеринин арасында талаш-тартыштарды жаратып, натыйжада 2027-жылдагы Азия кубогун өткөрүү үчүн жаңы өлкөнүн талапкерлиги сунушталууда.
Fars News маалымат агенттиги кабарлагандай, Азия кубогун уюштуруу боюнча жергиликтүү комитет бүгүн, 16-октябрда «Азия кубогу-2027 белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт» деген билдирүү таратты. Бул билдирүү турнирди жылдыруу же толугу менен жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү талкууланып жаткан учурда жасалды.
Акыркы эки жуманын ичинде Йемендеги хуситтер Сауд Арабиясына 20 жолу жооп иретинде ракеталык сокку уруп, мындан улам Австралиянын Sport сайты Сауд Арабиясын Перс булуңундагы өлкөлөрдүн ичинен коопсуздук жагынан эң кооптуу өлкө катары атады.
Азия кубогун уюштуруу боюнча комитеттин бул билдирүүсү Азия футбол конфедерациясынын (AFC) президенти Салман бин Ибрагим аль-Халифа мындан мурда жасаган талаштуу билдирүүсүнөн кийин жарыяланды.
Конфедерациянын жетекчиси турнирди жылдырылышы мүмкүн экенин, бирок азырынча эч кандай акыркы чечим кабыл алына электигин билдирген.
«Келерки жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтө турган Азия кубогу боюнча чечим кабыл алууга биз шашылбайбыз», — деп айткан аль-Халифа. Ал кырдаал тез өзгөрүшү мүмкүн болгондуктан, ноябрь айынын аягына чейин күтө туруу эң туура болорун кошумчалады.
Сауд Арабиясынын уюштуруу комитетинин мындай билдирүүсү өлкөдөгү коопсуздук абалына байланыштуу спорттук мелдештердин башка убакытка жылдырылып жаткан учуруна туш келди.
Акыркы бир жуманын ичинде 21–24-октябрга белгиленген Six Kings Slam көрсөтмөлүү теннис турнири 27–30-декабрга жылдырылды. Ошондой эле 16–25-октябрда Жидда шаарында өтүшү керек болгон FIFAe 2026 финалдык мелдештери белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мындан тышкары, Сауд Арабиясынын футбол боюнча профессионалдык лигасынын тогузунчу турундагы үч беттеш башка күндөргө которулду. «Аль-Ахли» менен «Аль-Наср» командаларынын ортосундагы маанилүү оюн да коопсуздукка байланыштуу жокко чыгарылды.
Япониянын Times басылмасы өлкөдөгү коопсуздукка байланыштуу жагдайдан кийин мелдешти уюштуруу боюнча жергиликтүү комитеттин билдирүүсүн «жоопкерчиликсиз» жана «кабыл алынгыс» деп сыпаттады.
Түштүк Кореянын Chosun Daily басылмасы болсо Сауд Арабиясын өлкөдөгү коопсуздук абалын «кадимки көрүнүш катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат» деп айыптады. Басылма 12 адамдын каза болуп, 300дөн ашуун кишинин жаракат алышын жашырып коюу мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Азия футбол конфедерациясынын өлкөлөргө спорттук мелдештерди өткөрүү укугун берүүдө коопсуздук маселесине карата мамилеси карама-каршылыктуу болуп келген. АКШ менен Израилдин Иранга алгачкы соккулары жасалганда, конфедерация Иранды спорттук мелдештерди өз аймагында өткөрүү укугунан ажыраткан. АКШнын Тегеранга жасаган акыркы чабуулунан бери бир нече ай өтсө да, Ирандын өкүлдөрүнө Азиянын элиталык лигасынын жана Чемпиондор лигасынын алкагындагы беттештерди өз өлкөсүндө өткөрүүгө уруксат берилбей келет.
Сауд Арабиялык футбол адиси Абдулрахман аль-Анзи өлкөдөгү коопсуздукка байланыштуу кырдаал убактылуу экенин жана жакын арада жөнгө салынарын билдирүүдө. Анын айтымында, Азия кубогу белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт.
Ал эми Түштүк Кореянын профессионал футболчулар ассоциациясынын президенти Ли Гон Хо эч бир турнирдин маанилүүлүгү футболчулардын жана күйөрмандардын өмүрү менен коопсуздугунан жогору тура албасын белгиледи. Анын пикиринде, эгер коопсуздукка кепилдик берилбесе, мелдешти жокко чыгаруу керек.
Футбол жана коопсуздук маселелери боюнча адистер бул көйгөйдү чечүүнүн эң ылайыктуу жолу катары 2027-жылдагы Азия кубогун бир жылга жылдырууну караштырышууда. Ошол эле учурда Австралия курама командасынын мурдагы жарым коргоочусу Крейг Фостер коопсуздукка байланыштуу көйгөйлөр улана берсе, Австралия Сауд Арабиясынын ордуна Азия кубогун өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
Азия кубогунун финалдык баскычы 2027-жылдын 7-январынан 5-февралына чейин Сауд Аравиясында өтөт. Оюндар Эр-Рияд, Жидда жана Аль-Хубар шаарларында өткөрүлөт.


















