АКШ президенти Дональд Трамп ноябрда өтө турган аралык шайлоодо республикачылар Конгресстеги көзөмөлүн сактап калса, ар бир бойго жеткен америкалыкка $5000дан төлөп берерин билдирди. Бул тууралуу Kazinform агенттиги BBC басылмасына шилтеме берүү менен маалымдады.
Трамп бул сунушун аралык шайлоого арналган Республикалык партиянын съездинде билдирди.
— Эгер республикачылар Өкүлдөр палатасындагы жана АКШ Сенатындагы көзөмөлүн сактап калса, биздин укмуштуудай экономикалык ийгилигибиздин аркасында… мен Америка Кошмо Штаттарынын ар бир бойго жеткен жаранына $5 миң өлчөмүндө дивиденд төлөп берем, — деди ал.
Ак үйдүн башчысы бул төлөмдөр «ийгиликтүү компаниялар инвесторлорго дивиденд төлөгөнүнө окшош» болорун түшүндүрдү.
— Бир гана чектөө бар: дивиденддер АКШнын ичинде жумшалышы керек. Силердин Канадага барып, ал жакта акча коротушуңарды каалабайбыз. Кытайга, Германияга… барып акча коротушуңарды да каалабайбыз. Акчаны АКШнын ичинде коротушуңар керек, — деп кошумчалады ал.
Бирок бул каражатты так ким бөлүп берери, америкалык өкмөт алардын кандай сарпталып жатканын кантип көзөмөлдөй турганы жана мындай төлөмдөрдүн мыйзамдуу болор-болбосу азырынча белгисиз.
2025-жылы АКШдагы бойго жеткен калктын саны болжол менен 267 млн адамды түзгөнүн эске алганда, «Трамптын дивиденддерине» $1,34 трлн талап кылынат.
Белгилей кетсек, азыр коомдук пикир сурамжылоолорунун көбүндө Демократиялык партия алдыда турат. Демократтардын Өкүлдөр палатасында, атүгүл Сенатта да көзөмөлдү колго алуу мүмкүнчүлүгү олуттуу.















