АКШ менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжал дагы жарым жылга созулушу мүмкүн. Мындай пикирди Пентагондун мурдагы башчысы (2011–2013) жана АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) мурдагы директору (2009–2011) Леон Панетта британиялык The Guardian гезитине берген маегинде билдирди.
«Менин оюмча, бул согуш дагы алты айга созулуп, жөнгө салынбай калуу мүмкүнчүлүгү бар, — деди ал. — Америка Кошмо Штаттары менен Иран оор туңгуюкка кептелип калганы эч кимге жашыруун эмес. Бул согушту токтотуунун жеткиликтүү жолдору өтө эле аз».
Панеттанын пикиринде, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы «Жакынкы Чыгыштагы түбөлүк согушка» тартылып калуу коркунучунда турат. Ал Вашингтон Иракта жана Ооганстанда жүргүзүлгөн согуштар сыяктуу «дагы бир ийгиликсиз согушка» карай бара жатат деп кооптонууда. Панеттанын айтымында, каршылаштар АКШнын азыркы жетекчилигинин «алсыздыгын көрүп», өлкөнүн коопсуздугун камсыздай албай жатканын байкашууда.
Пентагондун мурдагы башчысы Трамп «өзүн өзү туңгуюкка кептеп койду» деп эсептейт. Анын пикиринде, АКШ президентинин мындан аркы аракеттери үчүн үч вариант бар.
Биринчиси — «бул ийгиликсиз согуш экенин моюнга алып», согуштук аракеттерди жөн гана токтотуу. Панетта бул сценарийди күмөндүү деп атады.
Экинчиси — авиациялык соккуларды улантуу, бирок жаңжалды күчөтүп жибербөө. Мурдагы министрдин айтымында, бул жаңжалдын созулуп кетишине алып келиши мүмкүн.
Үчүнчү вариант — Ормуз кысыгына көзөмөл орнотуп, ошентип Ирандын негизги артыкчылыгынан ажыратуу.
















