Иран АКШ менен ок атышууну токтотуу боюнча сунуштарды алды, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи.
“Сунуштар бар, биз аларды алдык, бирок чоо-жайын айтпай эле коёюн”, – деди ал брифингде берилген суроого.
Ортомчулар ушул айдын башында Вашингтон менен Тегерандын ортосунда пайда болгон чыңалууну басаңдатуу үчүн иштеп жатышат, деп кошумчалады дипломат.
Ошол эле учурда, The Post гезити АКШнын расмий өкүлүнө шилтеме берип, АКШ аймактагы аскердик катышуусун көбөйтүү менен Иран менен толук масштабдуу согушка даярданып жатканын билдирди. The Wall Street Journal гезити ошондой эле ал жакка АКШнын согуштук учактары жана май куюучу учактары жайгаштырылганы тууралуу кабарлады.
8-июлга караган түнү АКШ Иранга каршы соккуларын кайра баштады. Тегеран муну жетишилген келишимдерди бузуу деп атап, Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына сокку урду. Акыркы эскалация тараптар чыр-чатакты токтото турган меморандумга кол койгондон үч жума өткөндөн кийин болду.
















