Ирактын Нажаф шаарында Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи менен коштошуу жана аза күтүү зыйнаттары өтүп жатат. Ага миллиондогон адамдар катышууда.
Бул тууралуу Иран ЖМКлары маалымдашууда.
28-февралда АКШ менен Израилдин чабуулунда шейит болгон Хаменеинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү салынган учак 7-июль күнү кечинде Иракка жеткен. Ирактагы коштошуу иш-чарасына катышуу үчүн Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да келген.
Нажаф эл аралык аэропортунда табытты Ирактын премьер-министри Али аз-Заиди, жогорку даражалуу мамлекеттик жетекчилер жана дин өкүлдөрү тосуп алышты.
Расмий аземден кийин Нажаф шаарынын көчөлөрү аркылуу аза күтүү жүрүшү өттү. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Нажафта аза күтүү жүрүшүнө 2,3 миллиондон ашуун адам катышты. Андан соң Имам Али күмбөзүндө маркумга жаназа намазы окулду. Эми коштошуу зыйнаттары Кербела шаарында уланат.
28-февралда АКШ менен Израилдин соккуларынан каза болгон Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты 3-июлда Тегеранда башталган. Ал күнү аза күтүү иш-чарасына кеминде 100 өлкөдөн келген жогорку деңгээлдеги делегациялар катышты. 4–5-июль күндөрү аятолланын сөөгү Тегерандагы “Мосалла” комплексинде коюлуп, иран эли коштошту. 6-июлда Тегерандын негизги көчөлөрүндө аза күтүү жүрүшү өтүп, андан соң сөөгү өлкөнүн башкы диний борбору болгон Кум шаарына жеткирилип, 7-июлда ал жерде аза күтүү иш-чаралары өткөрүлдү. Ошол эле күнү кечинде Хаменеинин сөөгү Иракка жөнөтүлдү.
Маркумдун сөөгү 9-июлда Ирандын Мешхед шаарында жерге берилет.

























Discussion about this post