Пакистан Афганистандын үч провинциясына аба соккуларын жасап, анын кесепетинен 13 адам, анын ичинде 11 бала каза болгонун Афганистандын жогорку лидеринин маалымат катчысы Забихулла Мужахид билдирди.
Анын айтымында, Пакистандын армиясы Афганистандын аба мейкиндигин бузуп кирип, Кунар, Хост жана Пактика провинцияларындагы тынч жашоочулардын үйлөрүн бомбалаган.
«Бул кол салуулардын натыйжасында 11 бала, бир аял жана бир карыя каза болду. Ошондой эле 14 аял жана бала жаракат алды. Биз бул гуманитардык кылмышты жана агрессиялык аракетти кескин айыптайбыз», — деп жазды Мужахид X социалдык тармагындагы баракчасында.
Афганистан менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу өткөн жылдын октябрь айында күчөгөн. Анда Пакистандын аба күчтөрү Кабулга сокку урган. Афганистандын Коргоо министрлиги «жооп кайтаруу операциясын» баштаганын жарыялаган. Бир жумага созулган өз ара аба чабуулдарынан кийин Катар менен Түркиянын ортомчулугу аркылуу тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен.
Февраль айынын аягында Афганистан Пакистандын бомбалоолоруна жооп катары Дюранд сызыгынын боюнда аскердик операция баштаган. Өз кезегинде Исламабад да жооп иретинде ок атканын билдирип, талибдерге каршы ачык согуш башталганын жарыялаган.



















