Израиль Ирандын эскертүүсүнөн кийин Ливанга чабуул жасоо позициясынан чегинди. Бул чечимге АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сүйлөшүүсү эмес, Иран тарабынан берилген катуу эскертүү таасир этти.
Бул тууралуу эл аралык маселелер боюнча атын атабаган ирандык талдоочу “Fars News” агенттигине берген маегинде билдирди.
Эсксперт Израилдин артка чегинишине Нетаньяху менен Трамптын сүйлөшүүсү таасир эткен деген дооматын четке какты.
«Бул доомат чындыкка дал келбейт жана туура эмес. Анткени Америка Кошмо Штаттары менен сионисттик режим бири-бири менен тыгыз координацияда иш алып барышат жана алардын ортосунда милдеттер так бөлүштүрүлгөн. Израилдин акыркы күндөрү күчөгөн Ливанга каршы чабуулдары жана Ливандын аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу коркутуулары АКШнын макулдугусуз мүмкүн эмес», – деди ал.
Талдоочунун пикиринде, Израилдин позициясын өзгөртүүсүнө негизги себеп болгон фактор – Ирандын «Хатам аль-Анбия» борбордук штабынын билдирүүсү болду.
Ал белгилегендей, Иран тарап Израилдин Ливанга жасаган аракеттерин ок атышууну токтотуу келишиминин бузулушу катары баалаган.
«Биз Израилдин Ливанга жасаган кол салуусун ок атышууну токтотуу режиминин жокко чыгарылышы катары кабыл алабыз жана Израилдин түндүгүндө жашаган тургундарды, ошондой эле бул аймактагы аскердик конуштардын жашоочуларын ал жерлерди таштап кетүүгө чакырдык. Бул биздин ок атышууну токтотуу режими бузулган учурда аны жараксыз деп эсептеп, режимге тиешелүү жооп кайтарууга чечкиндүү экенибизди көрсөткөн ачык билдирүү болду», – деди эксперт.
Ал Израилдин артка чегинишине алып келген дагы бир маанилүү фактор катары эл аралык басымды атады.
Анын айтымында, акыркы окуялардан кийин эл аралык коомчулуктун позициясында өзгөрүү байкалууда.
«Адатта Израилди колдоп келген Европа Биримдиги бул жолу режимге каршы терс позицияны карманды. Дүйнөлүк коомдук пикир дагы ок атышууну токтотуу режиминин бузулушун сындоого багыт алды жана дүйнөнүн көптөгөн аймактарында Израил режимине каршы аракеттер көрүлдү», – деди талдоочу.
Ошол эле учурда ал Израилге ишенбеш керектигин, учурдагы артка чегинүү убактылуу гана болушу мүмкүн экенин эскертти.
«Бул режимге ишенбеш керек. Балким, бул артка чегинүү бир-эки күнгө гана созулуп, андан кийин кайрадан ок атышууну токтотуу режими бузулушу мүмкүн. Катуу жооп кайтарууга толук даярдык бар. Израиль режиминин каршылык көрсөтүү огуна, анын ичинде Ливанга каршы жасаган ар кандай чабуулу ок атышууну токтотуу режиминин бузулушу катары эсептелет», – деп билдирди ал.
Талдоочу маектин жүрүшүндө дагы бир маанилүү жагдайга токтолуп, Ливан тараптын келишимге берилгендигин белгиледи.
«Учурда Ливандын парламенти да, Набих Берри мырза да Ливан менен “Хезболла” ок атышууну токтотуу келишимин бузбай турганына жана аны сактай турганына кепилдик беришкенин билдиришти. Бирок, Израиль режими бул келишимди бузбай турганына ким же кайсы өлкө кепилдик бере алат деген суроо туулат? Бул жерде 50 күнгө созулган согуштан кийин ок атышууну токтотууну талап кылган АКШнын жоопкерчилиги дагы оорлойт. АКШ Израил режиминин Ливанга кол салбашына кепилдик бере алабы?» – деди ал.
Талдоочу азыркы кырдаалда тараптардын жүрүм-туруму өзгөчө көңүл бурууга арзый турганын белгиледи.
«Бул этапта биз бир жагынан “Хезболла” ок атышууну токтотуу режимин сактап жатканын, ал тургай Ливандын парламенти дагы бул милдеттенмени колдой аларын көрүп жатабыз. Бирок экинчи жагынан өзүн дүйнөлүк ири держава деп эсептеген АКШ иш жүзүндө Израил режимин ок атышууну токтотуу келишимин бузбоого иш жүзүндө мажбурлай албайт», – деди ал.
Сөзүнүн соңунда эксперт азыркы кырдаалды жалпылап баалап, «Хезболланын» аскердик жана саясий позициясы бекемделгенин айтты. Анын пикиринде, кыймылдын эл аралык аброю да, Ливандын ичиндеги колдоосу да мурдагыга караганда жогорулаган.
«Жалпысынан алганда, азыркы шартта “Хезболланын” аскердик позициясы да, анын дүйнөдөгү саясий жана эл аралык аброю дагы кыйла жогорулады. Ошондой эле Ливандын ичинде “Хезболлага” болгон колдоо күчөдү. Бүгүн Ливандын эли өлкөгө коопсуздук кепилдигин берип, анын аймактык бүтүндүгүн сактай ала турган жалгыз күч катары “Хезболланы” көрүп жатат. Жалпысынан азыркы шарттар “Хезболланын” жана каршылык көрсөтүү огунун пайдасына өнүгүүдө, ал эми Израил режими толугу менен пассивдүү абалга түшүп калды. Муну режимдин өзүнүн маалымат каражаттары жана ар кандай саясий партиялары да моюнга алышууда. Кыязы, алдыдагы мезгилде бул режимдин дагы да көбүрөөк алсырашына күбө болобуз», – деп билдирди ирандык эксперт.



















