Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткоффтун ортосунда кат алышуу болгон деген маалыматтар «жалган» экенин билдирди.
Бул тууралуу Иран ТИМинин басма сөз кызматы маалымдады.
«Бул доомат чындыкка дал келбейт жана сионисттик режимдин жалган билдирүүлөрүнүн кезектеги бири болуп саналат», — деп белгиледи Багаи.
Ошондой эле Багаи Европарламенттин Ислам революциясынын сакчылар корпусун (ИРСК) террористтик уюм катары таануу чакырыгына комментарий берди. Ал «өлкөнүн расмий куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүнө жалаа жабуу эл аралык укукка каршы келет жана олуттуу кесепеттерге алып келет» деп баса белгиледи. ТИМдин өкүлү европалык мамлекеттерди сактык менен аракет кылууга жана «Вашингтон демилгелеген мындай кадамдардын тузагына түшүп калбоого» чакырды.
Буга чейин израилдик ММКлар булактарга таянып, Уиткофф АКШнын президенти Дональд Трампка Аракчи менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын билдирүүсүн жеткиргенин, анда алар америкалык лидерди Иранга сокку урбоого ынандырууга аракет кылышканын жазышкан.















