Ирандын жаш хоккейчилери Бишкек шаарында өтүп жаткан хоккей боюнча U20 жашка чейинки спортчулар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатына (III дивизиондун B тайпасы) катышып жатышат.
Турнирде Иран, Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашууда. Чемпионат “Бишкек Арена” көп функционалдуу аренасында 24-январга чейин уланат.
Чемпионаттын ачылыш аземи 18-январда болуп, ага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Умбеталы Кыдыралиев, Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү Франц Рейндл, КР хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, ошондой эле спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты.
МинКаб төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов бардык курама командаларга кайрылып, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген жаш хоккейчилерди күнөстүү Кыргыз жеринде көрүп жатканына кубанычта экенин белгилеп, мындай эл аралык мелдештер спорт аркылуу достукту бекемдеп, жаштардын тажрыйбасын арттырууга чоң өбөлгө түзөрүн айтты. Ошондой эле ал катышуучуларга таза оюн, жогорку спорттук дем жана унутулгус мелдештерди каалады.
Биринчи турдагы беттештерде Кыргызстан Гонконгду 4:1 эсебинде жеңсе, Түштүк Африка курамасы Мексикага 1:2 эсебинде утулуп калган, ал эми Иран Люксембургга 2:9 эсебинде жеңилген.
2-тур, 19-январь:
- Саат 13:00 Мексика – Люксембург;
- Саат 16:30 Гонконг – Иран;
- Саат 20:00 Кыргызстан – Түштүк Африка;
3-тур, 21-январь:
- Саат 13:00 Түштүк Африка – Люксембург;
- Саат 16:30 Мексика – Гонконг;
- Саат 20:00 Кыргызстан – Иран;
4-тур, 22-январь:
- Саат 13:00 Гонконг – Түштүк Африка;
- Саат 16:30 Иран – Мексика;
- Саат 20:00 Люксембург – Кыргызстан;
5-тур, 24-январь:
- Саат 13:00 Люксембург – Гонконг;
- Саат 16:30 Түштүк Африка – Иран;
- Саат 20:00 Мексика – Кыргызстан.















