Африка Биримдигинин комиссиясы Сомалинин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн баса белгилеп, Израилдин Сомалилендди таануу аракетин кабыл албай турганын жана айыптай турганын жарыялады.
Fars News агенттиги маалымдагандай, Комиссия Сомалинин биримдигине, суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө болгон бекем берилгендигин баса белгилеп, мындай кадамдар Африка континентиндеги тынчтыкка жана туруктуулукка олуттуу коркунуч туудурарын эскертти.
“Африка Биримдигинин Комиссиясынын төрагасы Сомалилендди көз карандысыз түзүлүш катары таанууга багытталган ар кандай демилгелерди жана аракеттерди чечкиндүү түрдө четке кагат”, — деп айтылат Комиссиясынын расмий билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, уюм колониялык доордон калган чек араларды сактоо принциптерине берилген бойдон каларын жана бул чек араларды бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбей турганын белгиледи.
Израиль дүйнөдө биринчи болуп Сомалилендди тааныды
Африка Биримдигинин реакциясы Израилдин Сомалилендди расмий тааныганын жарыялаганынан бир нече саат өткөн соң жасалды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, тышкы иштер министри Гидеон Саар жана Сомалиленддин лидери Абдулрахман Мухаммед Абдуллахи өз ара таануу тууралуу биргелешкен документке кол коюшкан.
Нетаньяху бул кадамды АКШнын президенти Дональд Трамптын демилгеси менен түзүлгөн “Авраам келишимдеринин” рухундагы чечим деп атап, Израиль Сомалиленд менен айыл чарба, саламаттык сактоо, технология жана экономика тармактарында кызматташууну дароо баштай турганын билдирди.
Ошондой эле Сомалиленддин жетекчисин Израилге расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Өз кезегинде Абдулрахман Абдуллахи Сомалиленд “Авраам келишимдерине” кошуларын билдирип, бул кадамды аймактык жана глобалдык тынчтыкка багытталган маанилүү кадам деп мүнөздөдү. Ал өз өлкөсү Жакынкы Чыгышта жана Африкада экономикалык гүлдөп-өнүгүү жана туруктуулук үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүктү курууга умтулаарын баса белгиледи.
Израилдин бул чечимин Египет, Түркия жана Жибути сыяктуу бир катар өлкөлөр да кескин айыпташты.
Израиль Сомалилендде эмнени көздөп жатат?
Израилдин Сомалилендди таануу кадамынын негизги жана стратегиялык мааниси Сомалиленддин географиялык жайгашуусуна байланыштуу.
Аймак Африканын Мүйүзүндө, Аден булуңуна түз чыгуусу менен жана Баб-эль-Мандеб кысыгына жакын жайгашуусу аркылуу дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз соода жолдорунун бирин көзөмөлдөйт.
Баб-эль-Мандеб кысыгы Кызыл деңизди Индия океаны менен байланыштырган стратегиялык өткөөл болуп эсептелет жана ал аркылуу күн сайын миллиондогон баррель мунай жана ири көлөмдөгү дүйнөлүк соода жүктөрү өтөт.
Израиль Сомалилендди таануу аркылуу Баб-эль-Мандебди тыкыр көзөмөлдөөгө, ошондой эле Сомалиленддин аймагын жана аба мейкиндигин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну көздөп жатат. Бул, өз кезегинде, Йеменге каршы мүмкүн болгон операцияларды жеңилдетиши мүмкүн. Ал эми Сомалиленддеги Бербера порту аймактагы логистикалык база катары пайдаланылышы ыктымал.
Британдык Сомалиленд 1884-жылдан 1960-жылга чейин болгон. 1960-жылдары Африкада деколонизация процесси күч алган маалда Сомалиленд өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган жана бул кадамды Лондон колдогон. Бирок бир нече ай өткөндөн кийин Сомалиленд Африканын Мүйүзүндөгү мурда Италиянын колониясы болгон аймактарды да камтыган чоң Сомали мамлекетинин курамына кирген.
1988-жылы өлкөдө жарандык согуш башталып, анын кесепетинен мамлекет иш жүзүндө бир нече өз алдынча башкарылган аймактарга бөлүнүп кеткен. Алардын бири Сомалиленд болгон.
Сомалиленд 1991-жылы бир тараптуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган. Ошондон бери шайланган өкмөт өзүн суверендүү, көз карандысыз мамлекет катары таанытууга аракет кылып келет. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч бир өлкө же эл аралык уюм аны расмий тааныган жок — дүйнөлүк коомчулук Сомалилендди Сомалинин курамындагы аймак катары эсептейт.


















