Тайвань бийлиги көз карандысыздыкка жетүү үчүн күчкө таянууга аракет кылып, аралды «ок-дары сакталган бочкага» айлантып, калктын каражатын текке кетирип жатат, деп белгиледи Кытай ТИМинин расмий өкүлү Го Цзякунь.
Кытай АКШнын Тайванга заманбап курал-жарактын ири партиясын рекорддук 11 млрд доллар суммасына сатууга макулдук берген чечимине байланыштуу кескин нааразылыгын билдирип, катуу жооп чараларын көрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу брифингде КЭР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякунь билдирди.
«Америкалык тарап Тайванга алдыңкы курал-жарактарды масштабдуу сатуу планы тууралуу ачык жарыялады. Бул “бир Кытай” принциптерин жана үч биргелешкен коммюникенин жоболорун олуттуу түрдө бузат. Мындай кадам “Тайвандын көз карандысыздыгын” жактаган сепаратисттик күчтөргө өтө кооптуу жаңылыш сигнал жөнөтөт. Кытай буга кескин каршы чыгып, катуу айыптайт», — деди дипломат.
Тышкы саясат ведомствосунун өкүлү Тайвань бийлиги көз карандысыздыкка жетүү үчүн күчкө таянууга аракет кылып, аралды «порох бочкасына» айлантып, калктын каражатын ысырап кылып жатканын белгиледи. Ал Вашингтонду Тайвань аркылуу Кытайды кармоо аракеттери сөзсүз ийгиликсиз болорун жана АКШ өзү «өз отуна күйүп каларын» эскертти.
Бул билдирүүгө АКШнын Мамлекеттик департаменти Тайванга баасы болжол менен 11 млрд долларды түзгөн курал-жарак жана аскердик техниканы сатуу боюнча мүмкүн болгон келишимди жактырганы тууралуу маалымат себеп болгон. Бул тарыхтагы эң ири ушундай операциялардын бири болуп эсептелет.
Тайвань 1949-жылдан бери өз алдынча администрация тарабынан башкарылып келет. Ал кезде Кытайдагы жарандык согушта жеңилгенден кийин Гоминьдан партиясынын калдыктары Чан Кайшинин (1887–1975) жетекчилиги алдында аралга качып барышкан. Пекиндин расмий позициясына ылайык, Тайвань КЭРдин аймактарынын бири болуп саналат. АКШ 1979-жылы Тайбэй менен дипломатиялык мамилелерин үзүп, КЭР менен алакаларын орноткон. «Бир Кытай» саясатын тааныганы менен, АКШ Тайбэй администрациясы менен байланыштарды улантып, аралга курал-жарак жеткирүүнү токтоткон жок. Кытай тараптын баалоосуна караганда, акыркы бир нече жылда мындай жеткирүүлөрдүн көлөмү 70 млрд доллардан ашкан.















