АКШнын президенти Дональд Трамп түркмөн жарандары үчүн иммиграциялык эмес визаларга чектөөлөрдү алып салды, ал эми иммиграциялык визаларды токтотуу күчүндө кала берет.
Бул тууралу hronikatm.com басылмасы Ак үйдүн 16-декабрда жарыялаган документке шилтеме жасап жазды.
“Вашингтон жарандарына АКШга кирүүгө толугу менен тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти. 2026-жылдын 1-январында киргизиле турган жаңы чектөөлөр 20 өлкөгө жана аймакка тиешелүү болот. Бул жарандары мындай чектөөлөргө дуушар болгон өлкөлөрдүн санын эки эсеге көбөйтөт”,- деп айтылат маалыматта.
Вашингтон Түркмөнстандын жарандары үчүн иммиграциялык эмес визаларга чектөөлөрдү алып салгандыгын Ашхабаддын АКШ администрациясы менен “жемиштүү кызматташуусу” менен түшүндүрүлөт.
Белгиленгендей, кирүүгө толук тыюу салуу эми Буркина-Фасо, Лаос, Мали, Нигер, Сирия, Сьерра-Леоне жана Түштүк Судан жарандарына, ошондой эле Палестина улуттук администрациясы тарабынан берилген саякат документтеринин ээлерине тиешелүү.
Dw.com агенттиги маалымадагандай, Ак үй тарабынан жарыяланган документте 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы чектөөлөр 20 өлкөгө жана аймакка тиешелүү экени айтылган. Бул жарандары мындай чектөөлөргө дуушар болгон өлкөлөрдүн санын эки эсеге көбөйтөт.
АКШга кирүүгө жарым-жартылай чектөөлөр Ангола, Антигуа жана Барбуда, Бенин, Габон, Гамбия, Доминикан Республикасы, Замбия, Зимбабве, Кот-д’Ивуар, Малави, Мавритания, Нигерия, Сенегал, Танзания жана Тонгага бар.
Билдирүүдө бул чара коопсуздук текшерүүсүндө жана маалымат алмашууда олуттуу кемчиликтерге дуушар болгон өлкөлөргө багытталганы белгиленет.
















