Келерки жылы Eurovision 2026 сынагы өзгөчө шарттарда өтүшү мүмкүн, анткени Израилдин айынан бул европалык музыкалык иш-чарага бойкот жарыялаган өлкөлөрдүн саны күн сайын көбөйүүдө.
Бул тууралуу Fars News агенттиги жазды.
Алсак, сынакка бойкот жарыялаган өлкөлөрдүн катарына Исландия да кошулганын RUV телерадиокомпаниясы маалымдады.
Буга чейин Испания, Нидерландия, Ирландия жана Словения Израилдин Газадагы аракеттерине байланыштуу сынакка катышуудан бар тартышкан.
Бир катар өлкөлөрдүн улуттук телерадио компаниялары буга чейин Израилге бул сынакка катышууга уруксат берилсе иш-чараны бойкотторун эскертишкен.
Бул 1956-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан сынактын тарыхындагы эң ири бойкоттордун бири болуп калды.
Эксперттер бул бойкоттор сынактын тарыхындагы эң чоң кризис экенин, эгер ал мындан ары улана берсе, өлкөлөр сынактан биротоло чыгып кетиши мүмкүн экенин же Eurovision долбоору бара-бара ишенимди жоготуп коюшу мүмкүн деген кооптонуулар бар экенин белгилешүүдө.
Eurovision 2026 ыр сынагы келерки жылы Венада өтөт.


















