Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) Евразиядагы аймактар аралык тартипке таасир этүүчү институттардын бири болуп саналат. Батыш Евразияда, анын ичинде Балтика, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азияда ар кыл аймактарды бөлүп-жарууга жана геосаясий блокторго бөлүүгө умтулса, ШКУ Евразияда стабилдүү тартипти түзүү үчүн конвергенттүү мамилени карманган.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) адегенде Кытай жана Евразия өлкөлөрүнөн тышкары, евразиялык тартип чектеш аймактарга жайылтышы үчүн Түштүк Азия сыяктуу коңшу региондордон, айрыкча Индия менен Пакистандан оюнчулар тартылган. Эми Ирандын уюмга толук мүчө болушу жана Жакынкы Чыгыштагы башка мамлекеттердин да активдүү катышуусу менен бул тартип Түштүк-Батыш Азияга карай кеңейип жатканы байкалууда. Буга Ирандын түндүк-батышында өтүп жаткан ШКУнун антитеррордук “Саханд-2025” биргелешкен машыгуулары бир мисал болуп калды.
Иран менен интеграция — сепаратизмге каршы күрөшүүнүн жолу
“Саханд-2025” машыгуусунун маанилүү өзгөчөлүгү — анын өткөрүлгөн жайы. Машыгуу Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясында Тебризде өтүп жатат. Бул аймак акыркы жылдары Иранга каршы НАТОнун коңшу өлкөлөр аркылуу жүргүзгөн пантюркизмге негизделген сепаратизм чөйрөсүндө жумшак жана катуу таасирлерине көбүрөөк кабылган аймак болуп эсептелет. ШКУнун түзүлүшүндөгү эң биринчи баалуулуктардын жана жалпы кызыкчылыктардын бири “сепаратизмге” жана “экстремизмге” каршы күрөш болгондуктан, бул машыгууну бул аймакта өткөрүү сепаратизмди жайылткандарга ачык жана олуттуу билдирүү болуп саналат.
Кеңири деңгээлде бул кадам НАТОнун Азия чөлкөмдөрүндөгү көп жылдык стратегиясына жооп болуп саналат, анын башталышы Осмон империясынын тушундагы Арминиус Вамбери сыяктуу инсандардын идеяларына барып такалат.
Дагы бир көңүл бура турган жагдай, НАТОнун жана Израилдин кызыкчылыктарынын Ирандын түндүк-батышындагы сепаратисттик тенденциялар менен чырмалышкандыгы. 12 күндүк эскалациянын жүрүшүндө Израилдин катуу чабуулдарына дал Тебриз жана Чыгыш Азербайжан дуушар болду. Кыязы, Израиль менен НАТОнун биргелешкен долбоору адегенде аскерий сокку уруу, андан соң сепаратисттик топтордун жардамы менен аймакты туруксуздаштырууну караган. “Саханд – 2025” машыгуулары ШКУга мүчө мамлекеттердин бул ишке ашпай калган долбоорлорго карата ачык жана күчтүү сигналы болуп калды.
Батыштын өзүн-өзү кыйратуучу анархиясынын алдында тартипти сактоо
Акыркы он жылда Батыш ШКУ жана БРИКС сыяктуу өнүгүп жаткан платформаларды “антибатыштык” же “ревизионисттик” түзүм катары сыпаттоого аракет кылып келет. Бирок чындыгында бул уюмдар дүйнөлүк тартипти түп-тамырынан өзгөртүү эмес, аны реформалоо жана сактоо позициясын карматат. Батыш өзүнүн бир катар каталарынан улам акыркы жылдары гегемониясынын алсыраганын байкады, ал эми 1990-жылдардан кийин түзүлгөн система акырындык менен жаңы таасирдүү оюнчулардын пайда болушуна шарт түзүп жатат. Муну түшүнгөн Батыш өзү курган тартипти өзү бузуп жатат.
Мунун бир белгиси Дональд Трамптын Дүйнөлүк Соода Уюмунун эрежелерине карама-каршы соода тарифтерин киргизүүсү, анын түзүлүшүнө АКШ өзү чоң жардам берген уюм.
Дагы бир мисал, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2231-резолюциясы жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ менен Европа мамлекеттеринин мыйзамсыз аракеттери Коопсуздук кеңешинин беделине олуттуу шек келтирди.
Мындан тышкары, бул саясаттын дагы бир көрүнүшү Батыш өлкөлөрүнүн башка өлкөлөрдүн расмий аскердик түзүмдөрүн, алсак, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу сыяктуу “террордук уюмдар” деп аташы болду.
“Саханд-2025” машыгуусунун — дал ушул Ислам революциясынын сакчылар корпусу тарабынан өткөрүлүшү Батыштын бул адаттан тыш жүрүм-турумуна ачык жооп болуп калды.
Гегемониянын алсырашы жана Жакынкы Чыгыштагы тартиптин өзгөрүшү
Түштүк-Батыш Азияда АКШнын түздөн-түз катышуусунун бара-бара кыскарып жатканынын көп белгилери бар. Вашингтон глобалдык жана аймактык тартипти камсыздоодогу мүмкүнчүлүктөрүнүн кыскарышынан улам “off-shore balancing” стратегиясын карманууда. Бул АКШнын Чыгыш жарым шарда түздөн-түз катышуусун кыскартуу жана Тынч океандагы стратегиялык маанилуу райондорго басым жасоосун билдирет.
Бул контекстте АКШ күчүн жана көңүлүн Европага жана НАТО маселесине, Латын Америкасы (биринчи кезекте Венесуэла) сыяктуу региондорго топтоп, Кытайга каршы туруу, ошол эле учурда Жакынкы Чыгышка түздөн-түз кийлигишүүсүн азайтууга умтулуп жаткандай. Бирок, АКШнын стратегиясы ролду аймактагы союздаштарына берүү болуп саналат.
Бирок Перс булуңундагы өлкөлөр, Иран жана Түркия Россия менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштөрүнө айланып, бул кызматташтыкты кеңейтип жаткандыктан, АКШнын аймактагы салттуу араб союздаштарына ролду берүү мүмкүнчүлүгү да жок. Ошондуктан ал Израилдин Түштүк-Батыш Азиядагы ролуна негизделген гегемонизацияны көздөйт. Израилдин анархиялык жана агрессивдүү жүрүм-турумун колдоо дал ушул ролду бекемдөөгө багытталган.
АКШнын мындай саясатына негизги тоскоолдук Иран болуп саналат, анткени чөлкөмдөгү башка мамлекеттер Вашингтонго өтө көз каранды болгондуктан, аны токтотууга дарамети жетпейт. Мындай шартта Россия менен Кытайдын Израилдин анархиялык стратегиясына каршы турууда Иранга колдоо көрсөтүүсү эки тараптуу мамилелерди бекемдөө гана эмес, АКШнын кеңири аймактык жана глобалдык пландарына каршы чара болуп саналат. Вашингтондун бул стратегияны ишке ашыра албашы Американын гегемониясынын төмөндөшүн тездетет жана анын башка долбоорлорун алсыратат.
“Саханд 2025” машыгуусун Чыгыш Азербайжанда өткөрүү, ошондой эле коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде Ирандын аймактык бүтүндүгүн коргоо Түштүк-Батыш Азияда жаңы тартипти калыптандырууга карай кадам катары каралышы мүмкүн. Бул орто мөөнөттүү келечекте туруктуу жана тең салмактуу аймактык архитектурага айланышы мүмкүн.
Чоң Евразиянын түзүлүшүнө негиз салуу
Жаңы дүйнө тартиби көп уюлдуу болуп, региондордун өз ара экономикалык кызматташтыгына таянат. “Бир алкак — бир жол”, ЕАЭБ жана БРИКС сыяктуу долбоорлор ушул тартиптин башталышы. Бул жараяндын борборунда Евразия турат.
ШКУнун “Саханд-2025” машыгуусу, Ирандын ШКУга кошулушу жана анын ЕАЭБ, БРИКС менен келишимдери Евразия тартибинин Түштүк-Батыш Азияга кеңейип жатканын көрсөтөт. Иран бул аймактар аралык тартип үчүн көпүрө болуп саналат.
Омид Рахими; Евразия маселелери боюнча эксперт















