Япониянын Хонсю аралынын жээгинде бир катар жер титирөөлөр катталды.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча жер титирөөнүн эң күчтүүсү 6,8 жана 6,4 баллга жеткен.
Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Жер титирөө 51 700 калкы бар Мияко шаарынан 127 чакырым чыгышта катталган. Жер титирөө 19 чакырым тереңдикте болгон”,- деп айтылат маалыматта.
Маалыматта белгиленгенине караганда, жер титирөө жер астында 10 километр тереңдикте болгон жана курмандыктар же кыйроолор боюнча маалымат түшкөн эмес. Бирок Япониянын метеорологиялык агенттиги жер титирөөдөн кийин түндүк жээкте 1 метрге чейин цунами коркунучу жөнүндө эскертүү берген.
Буга чейин октябрдын аягында сейсмологдор Камчатканын айрым аймактарында 10 баллдык жер титирөө коркунучу бар экенин эскертишкен.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгу жылдын 13-сентябрында Камчатка жарым аралынын жээктеринде зилзала болуп, анын күчү очогунда 7 баллдан ашкан.

















