Бүгүн, 22-октябрда, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.
Анда тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди жана “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашканын КР ТИМден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Кулубаев Кыргызстан АКШ менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Кыргыз тарап америкалык инвестицияларды тартууга, АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өлкө экономикасына катышуусун кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анда визалык маселелер өзүнчө каралды.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-америка мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө эки тараптын ынтызарлыгын ырасташты жана үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашты.
АКШнын миграциялык саясаты акыркы мезгилде бир катар олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, бул өлкөгө барган мигранттарга кысым күчөгөндөн кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын этият болууга чакырган.
Анда айтылгандай, Кыргызстандын элчилиги жана консулдуктары эгер кармалып калган жарандар болсо, аларга консулдук жана укуктук жардам көрсөтө турганын белгилешкен.
















