Израиль Газа секторуна символикалык көлөмдөгү гуманитардык жардам жүгүн алып бара жатышкан “Global Sumud” эл аралык флотилиясынын кемелерин Газа тилкесинин аймактык сууларына жакын жерде кармай баштады. Флотилия болжол менен 50 кемеден турат, алардын бортунда 500гө жакын активист бар.
1-октябрь күнү кечинде активисттер Израилдин аскер-деңиз күчтөрү алардын кемелерин палестин аймагына жакын жерден тосуп баштаганын билдиришти. Флотилиядагы активисттердин арасында швед экоактивисти Грета Тунберг жана Нельсон Манделанын небереси Мандла Мандела да бар.
Активисттердин айтымында, Alma жана Sirius аттуу кемелери ЦАХАЛ тарабынан кармалды.
Флотилиядагы активисттердин бири алардын жанына транспондерлери өчүрүлгөн он чакты аскердик кеме жакындап, алар менен байланышып, кыймылдаткычтарды өчүрүп, кийинки көрсөтмөлөрдү күтүүнү талап кылып жатышканын, болбосо кемелер кармалып, кесепеттерге туш болорун эскертишкенин билдирди.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө аскер-деңиз күчтөрү флотилия менен байланышып, курстарын өзгөртүүнү жана алардын активдүү согуш жүрүп жаткан аймакка жакындап калганын эскертишкенин билдирди.
Израиль флотилияны артка кайтууга чакырууда. Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар флотилиянын аракеттерин провокация деп атап, аларды токтоп, жардамды башка каналдар аркылуу өткөрүүгө чакырды.
Жолдун бир бөлүгүнө чейин флотилияны коштоп барууга өз кемелерин жөнөткөн Европанын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Испания жана Италия активисттерди артка кайтууга жана тирешүүдөн качууга чакырышты.
Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони флотилиянын аракеттери АКШ президенти Дональд Трамптын Газа боюнча согушту токтотуу сунушун үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп билдирсе, Испаниянын премьер-министри Педро Санчес тескерисинче, активисттерди колдоп чыкты.
“Бул гуманитардык миссия экенин унутпашыбыз керек. Эгерде Израил өкмөтү жардамдын киришине уруксат бергенде, бул миссиянын зарылдыгы болбойт эле. Алар Израил үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт”, – деди Санчес журналисттерге.
Эске салсак, июнь айында да экоактивист Грета Тунберг жана башка ыктыярчылардын “Мадлен” аттуу гуманитардык кемеси Израилдин блокадасын бузуп, Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү жана анклавдагы оор кырдаал тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууну максат кылып Газага жол тарткан. Бирок Жер Ортолук деңизде Израилдин Аскер-деңиз күчтөрү гуманитардык кемени кармап алган.

















