Жакында белгилүү, аналитик журналисттер Жыргалбек Касаболот менен Марат Токоев медиа чөйрөсүнө “Алданба” деген китепти тартуулашты.
Бул китепте замын агымынын өзгөрүшү менен маалымат кызмат агенттиктеринен, соц.тармактардан жана ар кандай булактар аркылуу такталган, такталбаган маалыматтардын таралышындагы калп менен чындыктын айырмачылыгын мисалдар менен келтирип, өтө таасын, так берип баса көрсөтүлгөн.
Менимче, китеп маалымат айдыңындагы күрөштө журналисттер үчүн гана эмес, саясат талаасында, билим берүүдө, коомдук иштерде же жөн эле жеке адамдык фактордо да пайдасы өтө зор экендигин белгилеп коюу керек.
Мындагы мисалдар менен келтирилген далилдер айрыкча келерки VIII чакырылыштын депутаттыгына талапкерлерди тандоодо шайлоочулар үчүн да жакшы жардам, адилеттүү чечим болуп береринен да күмөнүм жок.
Эмне үчүн?
“Алданбанын” “Мыйзамдардын мааниси” деген бөлүмүндө парламенттик шайлоолор боюнча сөз кылынган.
“Адатта парламенттик шайлоодо бир топ талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууда алардын чарбалык маселелерин чечип берүүгө убада беришет. Бирок чындыгында Баш мыйзамды карасак, парламенттин депутаты конкреттүү чарбалык маселелер менен алектенбейт. Аны менен алектене турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ишине көз сала турган жергиликтүү кеңештер, өкмөттүн тиешелүү тармактагы ишине жооптуу министрликтер бар. Алардын ишине кийлигишүү парламенттин ыйгарым укугунан аша чабуу, аракеттеги мыйзамдарды бузуу болуп эсептелинет “, – деп түшүндүргөн авторлор.
Мындан тышкары, парламент – аткаруучу эмес, мыйзам чыгаруучу орган экендигин, шайлоочулардын да Баш мыйзамды окубагандыктарын эске алып, талапкерлердин берген убадаларын калп экендигин баса белгилешкен. Анткени талапкер убадасын аткарбай койсо да, аткарам деп мыйзамды бузса да, калп айтканга жатары белгиленген.
Ошол эле учурда саясатчылардын мурдагы, кийинки сөздөрүнүн ортосундагы айырма, сүйлөгөн сөзү менен Жогорку Кеңештеги берген добушунун өзгөрүшү жана буга чейинки кошулган саясий командалары салыштырылган. Мисалы, “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол”, КСДП жана башка партиялардын бийликте турган кезде же алар бийликтен кеткенден кийин башка партияларга секирген, секирбеген туруктуулугун карап көрүү менен алардын принциптерин талдап, кайсы бир бийлик бутагына татыктуулугун тандоо зарылдыгы белгиленген. Саясатчынын кызматта турган учуру, кеткенден кийинки позициясындагы айырмачылыкты да байкоо керектиги кошумчаланган.
Демек, шайлоочуну чындап эле мамлекеттин келечеги, кызыкчылыгы кызыктыра турган болсо, адилеттүү кадамга өзү барышы керек.
Даярдаган Т. Кожомбердиева




















