Пентагондун документтери көрсөтүп тургандай, Израилдин Иранга каршы 12 күндүк агрессиясы маалында АКШ режимди колдоо үчүн колдонулган болжол менен жарым миллиард долларлык заманбап ракета-перехватчыларды жоготкон.
Израилдик ЖМКнын маалыматына ылайык, жакында жарыяланган Пентагондун бюджеттик документтери жана бир нече америкалык маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча, улантылып жаткан согуш учурунда жана айрыкча июнь айындагы сионисттик режимдин Иранга жасаган 12 күндүк басып кирүүсүндө АКШ дээрлик 500 миллион долларлык ракета-перехватчыларды Израилге берген.
Сионисттик ЖМКлар The War Zone жана Business Insiderге таянып билдиргендей, документтердин биринде «Израилди колдоо үчүн сарпталган» так саны көрсөтүлбөгөн жогорку бийиктиктеги ракета-перехватчыларды (THAAD) алмаштыруу үчүн 498,265 миллион долларлык шашылыш каржылоо суралган.
Маалыматтарга караганда, Израилдин Иранга жасаган 12 күндүк чабуулунда АКШ 100дөн 150гө чейин THAAD ракетасын колдонгон.
Бул ракеталарды алмаштыруу үчүн кошумча каражат бөлүү АКШ Конгрессинин макулдугун талап кылат.















