Европа Биримдигинин мурдагы тышкы саясат башчысы Жозеп Боррель Израилдин Газа секторундагы аракеттери үчүн аны эл аралык деңгээлде обочолош керек деп эсептейт.
«Израил эл аралык деңгээлде бардык мүмкүн болгон жолдор менен обочолонушу керек жана албетте, эл аралык мелдештерге же маданий иш-чараларга катышпоого тийиш — биз Россияга кандай мамиле кылсак, Израилге да ошондой кылышыбыз керек», — деди Боррель Onda Cero радиостанциясына берген маегинде.
18-май күнү Израил армиясы Газанын түндүк жана түштүк аймактарында кеңири масштабдуу кургактагы операция – «Гидеондун арабалары» башталганын жарыялаган. Анын максаты — палестиналык ХАМАС кыймылын толугу менен талкалоо жана анклавда кармалып турган бардык израилдик барымталарды бошотуу. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху операциянын жыйынтыгында армия Газанын бүт аймагын көзөмөлгө алууну пландап жатканын билдирген.
Буга чейин БУУнун Палестина аймактарындагы (Чыгыш Иерусалимди кошо) жана Израилдеги окуяларды иликтөө боюнча комиссиясынын эксперттери еврей мамлекети Газа секторунда палестиналыктарга карата геноцид жасаган деген тыянакка келишкен.



















