Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Катардагы ХАМАСтын сүйлөшүү делегациясына Израил жасаган чабуулду айыптады.
Эрдоган бул окуяга байланыштуу социалдык тармактагы билдирүүсүндө мындай деп жазды:
«Бүгүн Израилдин Катардагы ХАМАСтын сүйлөшүү делегациясына жасаган чабуулу сокур болгон Нетаньяху өкмөтү жаңжал менен туруксуздукту ого бетер күчөтүүнү көздөп жатканын дагы бир жолу ачык көрсөттү. Эл аралык укукту жана Катар мамлекетинин эгемендүүлүгүн одоно бузган бул чабуул ошондой эле бир тууган Катар өлкөсүнүн коопсуздугуна жана тынчтыгына каршы багытталган. Мен бул кол салууну кескин айыптайм».
Президенттин айтымында, Түркия палестиналык бир туугандарын жана союздашы, стратегиялык өнөктөшү жана досу болгон Катар мамлекетин бардык күчү менен колдойт.
«Терроризмди мамлекеттик саясатка айландыргандар эч качан максатына жетпейт. Биз Израилдин бүтүндөй регионду кырсыкка түртүүгө аракет кылган бандитизминин алдында бекем жана чечкиндүү позициябызды сактайбыз жана палестин элинин эркиндигин, эл аралык укукту жана тынчтыкты кандай гана баага болбосун коргой беребиз», — деп баса белгиледи Эрдоган.


















