Иран парламентинин алтымыш депутаты тышкы иштер министри Аббас Аракчиден Ислам Республикасынын ядролук куралды жайылтпоого каршы келишиминен (ЯКЖК) чыгышын жана АКШ менен Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотууну талап кылышты. Бул тууралуу Nour News агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Решт шаарынан шайланган депутат Мохаммад-Реза Ахмади жана дагы 59 депутат тышкы иштер министрине кайрылып, ЯКЖКдан чыгууну жана АКШ менен МАГАТЭнин баш катчысы менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартууну талап кылышкан.
28-августта Улуу Британия, Франция жана Германия («евроүчтүк») БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылып, 2015-жылкы ядролук келишимдин алкагында алынган эл аралык санкцияларды кайра калыбына келтирүү механизмин иштеткенин билдиришкен. Бирок санкциялар дароо күчүнө кирбейт: алгач Коопсуздук Кеңешинде санкцияларды токтотууну улантуу боюнча резолюция добуш берүүгө коюлушу керек. Эгер 30 күндүн ичинде мындай резолюция кабыл алынбаса, санкциялар автоматтык түрдө калыбына келет. Европа өлкөлөрү бул кадамды азыркы келишимдин мөөнөтү октябрдын ортосунда аяктоого бир жарым ай калганда жасашты.
Иран «евроүчтүктүн» мындай чечимин мыйзамсыз деп атап, бул өлкөлөрдүн келишимди бир нече жолу бузганын белгилеп, жооп чараларын көрөрүн билдирди. Германия болсо санкцияларды калыбына келтирүү механизмин ишке киргизүү Иран менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы фазасын ачышы мүмкүн экенин билдирди.
Эске салсак, 2015-жылы Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, АКШ, Франция жана Иран ядролук келишимге кол коюп, анда санкциялар алынып салынып, анын ордуна Ирандын атомдук программасына чектөөлөр киргизилген. Бирок 2018-жылдын май айында АКШ президенти Дональд Трамптын биринчи мөөнөтүндө Вашингтон келишимден чыгып, Иранга каршы санкцияларды кайра киргизген. Мунун жообунда Иран өз милдеттенмелерин акырындап кыскарта баштап, ядролук изилдөөлөргө жана уранды байытуу деңгээлине чектөөлөрдөн баш тарткан.
















