Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Тажикстан Шериктештикке төрагалык кылган КМШнын Экономикалык кеңешинин 107-жыйыны өлкөнүн борбору Душанбе шаарында өткөрөт.
Бул тууралуу КМШ интернет-порталы билдирди.
“Жыйынды Тажикстандын Премьер-министринин биринчи орун басары Хоким Хикматулло Холикзода алып барат. Кеңештин курамына өкмөт башчылардын экономикалык маселелер боюнча орун басарлары кирет”,- деп айтылат маалыматта.
Иш чарага катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарына тиешелүү 27 маселе бар.
Негизги темалардын ичинде экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды талкуулоо жана аларды четтетүү боюнча сунуштарды даярдоо кирет. Мындан тышкары КМШ органдарынын 2026-жылга бирдиктүү бюджетинин долбоорун кароо бар.
Ошол эле учурда, санариптик трансформация маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Жыйындын катышуучулары мультимодалдык транспорт коридорлорун санариптештирүү стратегиясынын 2035-жылга чейин маалыматтык коомду жана санариптик экономиканы өнүктүрүү стратегиясынын долбоорлорун, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын талкуулашат.
Белгиленгендей, келечекте бул жана башка маселелер долбоор түрүндө иштелип чыгып, КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин бекитүүсүнө сунушталат.


















