Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газа шаарын басып алуу операциясын бекитти, буга байланыштуу резервдеги аскерлердин мобилизацияланышы күтүлүүдө, деп билдирди израилдик Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясы.
“Бул операциянын аякташы менен Газа өзүнүн көрүнүшүн өзгөртөт жана мурдагыдай болбой калат”,-деди ал.
Операция “Гидондун арабалары 2” деп аталганы маалымдалды.
“Галей ЦАХАЛ” радиосу билдиргендей, операция 2026-жылга чейин созулат. Маневрлердин туу чокусунда 130 миңге чейин резервист тартылат.
18-августта Израилдин армиясынын башкы штабынын башчысы Эяль Замир “Гидондун арабалары” операциясынын кийинки этабына – анклавдагы эң ири калктуу конуш болгон Газа шаарына чабуулга даярдыктарды жарыялаган.
Августтун башында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “коопсуздук периметрин камсыз кылуу” үчүн Газа тилкесин толугу менен көзөмөлгө алуу ниетин билдирген. Ал Тель-Авив кийинчерээк анклавды жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү пландап жатканын белгилеген.
8-августка караган түнү Израилдин аскердик-саясий кабинети Газа шаарына көзөмөл орнотуу планын жактырган. Израилдин премьер-министринин кеңсеси согушту токтотуу үчүн беш принципти бекиткен: ХАМАСты толук куралсыздандыруу; бардык барымтадагыларды кайтаруу; Газа тилкесин демилитаризациялоо; анын коопсуздугуна Израилдин көзөмөлү; ХАМАС же Палестинанын улуттук администрациясы менен байланышы жок альтернативалык жарандык администрацияны түзүү.
Израилдин пландарын бир нече өлкө, анын ичинде Египет жана Катар айыпташкан. Өткөн аптада Египет менен Катар ХАМАСка 60 күндүк ок атышууну токтотуу сунушун беришкен, бул жаңжалды толук токтотууга алып келет. Келишимде ошондой эле 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган израилдик барымтадагылардын жарымын палестиналык туткундардын айрымдарына алмаштыруу камтылган.
ХАМАС бул сунушту колдоду, бирок Израил ага азырынча жооп бере элек.
2023-жылдын 7-октябрында Израиль менен ХАМАС ортосундагы башталган согуш 56 миңден ашуун палестиналыктын жана 1500дөй израилдиктин өмүрүн алды.



















