Газа тилкесинде ачкачылыктан кеминде 180 адам, анын ичинде 93 бала каза болду.
Бул тууралуу Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Telegram каналында билдирди.
“Акыркы 24 сааттын ичинде Газадагы ооруканаларда ачарчылыктан жана жетишсиз тамактануунун кесепетинен каза болгон беш адам катталды”, — деп билдирди министрлик.
Ошентип, ачкачылыктан каза болгондордун жалпы саны 180ге жетти, анын ичинде 93 жашы жете элек бала бар.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, анклавда 2023-жылдын октябрынан бери күчөгөн жаңжалдын курмандыктарынын жалпы саны 60 430га жетип, 148 000ден ашуун адам жаракат алган.
2025-жылдын 2-мартынан бери Газа тилкесине эл аралык гуманитардык жардам кирбей жатат. Израил мамлекетинин бийликтеринин чечими менен бардык көзөмөл-өткөрүү пункттары жабык бойдон калууда жана азык-түлүк бөлүштүрүү Израил-Америка башкарган “Газага гуманитардык жардам” фондунун (GHF) пункттарынын системасы аркылуу ишке ашырылууда.
Бирок Израилдин аскерлери жардам пункттарына келген адамдарга ок чыгаган учурлар бир нече жолу катталган. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 27-майдан тартып GHF уюму иштей баштагандан бери 1054 адам гуманитардык жардам алууга аракет кылып жатып окко учкан же тебеленип каза болгон.
Анын ичинен 766 адам GHF пункттарынын жанында, 288и БУУ жана башка уюмдардын пункттары менен колонналарынын жанында мерт болгон.
Март айында Израилдин армиясы январь айында түзүлгөн ок атышпоо келишимин бузуп, анклавда согушту кайра баштаган. Египет, Катар жана АКШнын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасында жаңжалдын тараптары жаңы келишимдин шарттары боюнча бир пикирге келе алышкан эмес.
Учурда гуманитардык жана адам укуктарын коргоо уюмдары Газа секторунда жапырт ачарчылык жайылып жатат деп коңгуроо кагышууда.
Израил эл аралык коомчулуктун басымынан кийин 26-июлдан баштап Газага абадан гуманитардык жардам таштоого макулдук берип, БУУнун агенттиктери жана башка эл аралык уюмдардан гуманитардык жүк ташыган 200дөй жүк ташуучу унааны Газа тилкесине киргизди. Андан бери бир катар араб жана Европа өлкөлөрү асмандан Газага бир нече таңгак гумжардам ташташты.
Газа тарап Израиль жарыялаган жеңилдиктерге карабай гуманитардык абал начар экенин, келген жардам дагы эле 2,4 миллион тургунга жетпей турганын билдиришти.
















