Ооганстан менен Түркмөнстан “Тургунди” портун өнүктүрүү боюнча 5 миллион долларлык келишимге кол коюшту. Ага Ооганстандын Коомдук иштер министрлигинин Темир жол департаментинин жана Түркмөнстандын “Демирёллары Гурлушык” мамлекеттик темир жол ишканасынын өкүлдөрү кол коюшту.
Бул тууралуу Ariananews агенттиги билдирди.
Демилге аймактык транспорттук байланышты бекемдөөгө жана Түштүк жана Борбордук Азиянын ортосундагы транзиттин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы белгиленген.
Келишимдин алкагында түркмөн компаниясы “Тургунди-Герат” темир жол линиясын бойлой заманбап жүктөө жана түшүрүү жайларын, анын ичинде атайын кампаларды да курат. Бул чаралар порттун кубаттуулугун жана эффективдүүлүгүн жогорулатат деп күтүлүүдө.
Тараптар “Тургундинин” өздөштүрүлүшү Ооганстанды аймактык соода үчүн кургактык көпүрөсүнө айландыруунун негизги кадамы экенин белгилешти. Жакшыртылган инфраструктура порт аркылуу импорттун жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана Афганистандын чек ара логистикасындагы ролун күчөтүүгө жардам бериши айтылды.



















