Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба өзүнүн айланасындагыларга август айынын аягына чейин отставкага кетерин жарыялай турганын билдиргенин Mainichi гезити жазып чыкты. Алгач Исиба мурдагы үч премьер-министр — Ёсихидэ Суга, Фумио Кисида жана Таро Асо менен жолугушууну пландап жатат.
Эгерде ал расмий түрдө кызматтан кетсе, анда жаңы премьер-министрди шайлоо парламенттин өзгөчө сессиясында өтөт. Ошол эле учурда Либералдык-демократиялык партия (ЛДП) — Исибанын өзү төрагалык кылган партия — парламентте азчылыкта болууда. Бул шартта Исиба шайлоодо утулуп калышы мүмкүн, деп белгилейт басылма.
20-июлда өткөн шайлоодо ЛДП менен анын өнөктөшү «Комэйто» партиясы жогорку палатада көпчүлүктү жоготту. Бул Исиба үчүн экинчи ирет ири шайлоодогу жеңилүүсү болуп калды. 2024-жылдын күзүндө бул коалиция парламенттин маанилүү төмөнкү палатасында да көпчүлүктү жоготкон. Ошондон кийин эле, ЛДП ичиндеги көптөгөн саясатчылар премьер-министрди отставкага кетүүгө чакыра баштаганын жазат басылма.

















