Евробиримдик Израилдин Газадагы аракеттерине байланыштуу бул өлкөгө каршы аракеттердин 10 дипломатиялык вариантын белгилеген жашыруун документти жарыялады.
Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, бул жашыруун документ Европа Биримдигинин тышкы байланыштар кызматы тарабынан даярдалып, маалымат Reuters жана The Straits Times сыяктуу маалымат каражаттарына жеткен. Кийинчерээк Евробиримдиктин ички иликтөөлөрү Израил Евробиримдик менен Израилдин ассоциациялык келишими боюнча адам укуктары боюнча милдеттенмелерин бузган болушу мүмкүн экени аныкталган.
Reutersтин маалыматы боюнча сунушталган варианттардын арасында Европа Биримдиги менен Израилдин ортосундагы толук же жарым-жартылай кызматташтык келишимин токтотуу сунушу да бар. Бул келишим экономикалык мамилелерди жана саясий диалогду камтыйт.
Ошондой эле Израилдин Erasmus Plus жана Horizon Europe сыяктуу илимий жана билим берүү программаларына катышуусун токтотуу жана Израил жарандарына визасыз саякаттоону тыюу салуу сыяктуу варианттар дагы каралууда.
Документте кызматташтык келишимдеринен тышкары дагы башка чаралар тууралуу сунуштар бар: Израил министрлерине адам укуктарын бузгандыгы үчүн санкция киргизүү жана Газада колдонулушу мүмкүн болгон курал-жарактарга эмбарго киргизүү. Бирок бул чараларды ишке ашыруу үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин басымдуу же бардыгынын макулдугу талап кылынат жана дипломаттар арасында мындай консенсус бар экенине шек санагандар бар.
Маалыматта Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери 15-июлда Брюсселде бул варианттар тууралуу талкуу жүргүзөрү белгиленет.
Документтин жарыяланышы Брюсселдин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кабинетине болгон нааразычылыгын жана Тель-Авивге ачык саясий билдирүү жөнөтүү аракетин чагылдырат деп кошумчаланат Reutersтин маалыматында.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, буга чейин Бельгия, Финляндия, Ирландия, Люксембург, Польша, Португалия, Словения, Испания жана Швециянын тышкы иштер министрлери Израилге дипломатиялык басымды күчөтүүнү улантып, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Калласка расмий кат жолдоп, Палестинанын оккупацияланган аймактарындагы израилдик конуштар менен соода алакаларын токтотуу сунуштарын киргизүүгө чакырышкан.


















