АКШнын Техас штатында болгон суу ташкынынан улам каза болгондордун саны 80 адамга жетти. Бул тууралуу CNN телеканалы жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен билдирди.
Мурда телеканал 68 адамдын өлүмү тууралуу маалымдаган болчу.
«Техастын бир нече округунун расмий өкүлдөрү селден улам 80 адамдын каза болгонун тастыкташты», — деп жазылат телеканалдын сайтында жарыяланган маалыматта.
Каза болгондордун эң көбү Керр округунда катталган — бул жерде 68 адамдын өлүмү ырасталды.
АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Техастагы Керр округундагы бир катар шаарларда күтүлбөгөн суу ташкындардан улам өзгөчө кырдаал киргизилгенин маалымдады. CNN телеканалынын маалыматына караганда, бул аймакта жарым миллион адамдан ашуун калк сууга каптоо коркунучу алдында турат.
Техас штатынын губернатору Грег Эбботт бул кырсык менен күрөшүү үчүн бардык жеткиликтүү ресурстар, анын ичинде улуттук гвардия тартылганын билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү бул табигый кырсыктан улам Керр округунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялады.
















