Палестиналык ХАМАС кыймылы Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу келишимине жетишүү боюнча ортомчулардын сунуштарын талкуулоо үчүн палестиналык топтор менен консультацияларды өткөрүп жатканын билдирди.
Бул тууралуу “Al Jazeera” маалымдады.
“Израилдин биздин элге каршы агрессиясын токтотуу жана гуманитардык жардамдын эркин кирүүсүн камсыз кылуу максатында, биз ортомчулардын сунуштары боюнча палестиналык топтордун жана фракциялардын лидерлери менен консультацияларды жүргүзүп жатабыз”, – деп айтылат ХАМАСтын Telegram-каналындагы кыска билдирүүсүндө.
Билдирүүдө ХАМАС акыркы чечимин бул консультациялар аяктагандан кийин ортомчуларга билдирип, аны расмий түрдө жарыялай тургандыгы белгиленди.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху буга чейин ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга макул болгонун, эми акыркы чечимди ХАМАС кабыл алышы керектигин билдирген.
Израилдик “Yedioth Ahronoth” басылмасы билдиргендей, келишим ХАМАСтын барымтасындагы израилдик тирүү 20 туткундун 10ун бошотууну жана каза болгон 30 туткундун сөөгүн өткөрүп берүүнү камтыйт. Алардын ордуна палестиналык туткундар бошотулат. Барымтадагыларды жана туткундагыларды алмашуу 60 күндүк ок атышпоо учурунда беш этап менен ишке ашырылат.
Израилдин бир аткаминери сунуш кылынган келишимде Газадан аскерлерди чыгаруу жана аймакка гуманитардык жардамдын киришин көбөйтүү камтылганын айтты.
“Associated Press” билдиргендей, келишим боюнча ок атышууну токтотуу мөөнөтүндө 10 туткун — 8 адам биринчи күндө, калган экөө акыркы күнү — ХАМАС тарабынан бошотулат. Ал эми Израил аскерлери Газанын айрым аймактарынан артка чегинет жана гуманитардык жардам дароо киргизилет.
АКШнын президенти Дональд Трамп 2-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп Израиль анын администрациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Газа секторундагы ок атышууну 60 күнгө токтотуу шарттарына макул болгонун билдирген.
Ошондой эле Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдель Аты Каир башка ортомчулар менен биргеликте Газа секторунда 60 күндүк ок атууну токтотуу боюнча иш алып барып жатканын, бул убакыт ичинде айрым израилдик туткундарды бошотуу пландалып жатканын билдирген.
Буга чейин ABC телеканалы израилдик аткаминерге шилтеме берип, Израил премьер-министринин кеңешчиси Рон Дермер 30-июнда Вашингтонго Трамптын администрациясы менен сүйлөшүүлөр үчүн келерин билдирген. Жолугушууларда Газа секторундагы согуш, Израил менен Иран ортосундагы чыңалуу жана премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Ак Үйгө жасай турган сапары талкууланары айтылган.
Эске салсак, 18-марттын түнүндө Израилдин коргоо армиясы Газага кайрадан сокку ура баштаган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху бул чечим ХАМАС кыймылынын ок атышууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча АКШнын сунушун четке какканы үчүн кабыл алынганын билдирген.
Израиль менен ХАМАСтын ортосунда расмий түрдө тынчтык келишими 1-мартта аяктаган, бирок ортомчулардын сүйлөшүүлөрдү улантуу аракеттеринен улам аскердик аракеттер кайра жандана элек болчу. Ошентсе да, Израиль Газа секторундагы тузсуздандыруучу жайга электр энергиясын берүүнү токтотуп, гумжардам ташыган жүк ташуучу унаалардын киришине тыюу салган.

















