Ирандын борбору Тегеранда Израилдин үстүнөн болгон жеңиштин урматына музыкалык концерт өттү. Азади аянтында өткөн концертте дүйнөгө белгилүү ирандык маэстро Насер Гейдариан жетектеген Тегеран симфониялык оркестри өнөрүн тартуулашты.
Эки күн башта Тель-Авив менен Тегерандын ортосундагы согуштук аракеттерде ок атышпоо келишими түзүлгөнү белгилүү болгондон кийин Тегеранда Ирандын өкмөтүн жана куралдуу күчтөрүн колдоо митинги өткөн.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпеген убакыттан кийин Ислам Республикасы жооп чабуулун жасаган. Жаңжал күчөгөндөн тогуз күн өткөндөн кийин, ага АКШ киришип, 22-июнга караган түнү Американын куралдуу күчтөрү Ирандын үч өзөктүк объектисине чабуул коюшкан. 23-июнда кечинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык эң ири Катардагы Аль-Удейд аба базасына ракеталык сокку урду.
Жаңжалга 12 күн болгондо АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну толук токтотууга макул болушканын билдирген. Израилдин бийликтери АКШнын сунушун кабыл алганын ырастаган. Иран Израилди жеңгенин жарыялап, аны агрессиясын бир тараптуу токтотууга мажбур кылышканын билдирген.

































Discussion about this post