Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров журналисттер үчүн өткөн брифингде Казакстан менен Ирандын ортосундагы мамилелер боюнча пикир айтты. Бул тууралуу NUR.KZ маалымдады.
“Биз Иран менен дээрлик бардык тармактарда көп пландуу кызматташтыкты жүргүзүп келе жатабыз. Жакында биздин министрдин Иранга расмий иш сапары болуп өттү. Анын жыйынтыгында келечекке арналган көптөгөн долбоорлор боюнча макулдашууларга жетиштик. Бул жерде логистика, соода, инвестициялар, өндүрүш жана энергетика тармактары тууралуу сөз болуп жатат.
Биз, албетте, азыркы кырдаалды кунт коюп көзөмөлдөп жатабыз. Диалогго чакырабыз. Биз БУУнун уставын жана эл аралык укукту кармануубуз зарыл. Бизге тынч коңшулар керек. Баары тынч болушу керек, эч кандай согуш болбошу керек”, — деди Смадияров.
Ошондой эле Смадияров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө эс алууну пландап жаткан казакстандыктарга кайрылды.
Анын айтымында, учурда Ирандан 230 казакстандык эвакуацияланган, Израилден — 66 адам. Иранда болжол менен 50 Казакстандын жараны калган.
Буга чейин Туризм министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу казакстандыктарды мекенине кайтуу маселеси боюнча чакырык жасаган. Бир нече күн мурун алты казакстандык Ирандан Азербайжан аркылуу эвакуацияланганы маалым болгон.















