Иран армиясынын элиталык бөлүгү болгон Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) Аба-космостук күчтөрү Израилдин аскердик чалгындоо борбору жана «Моссаддын» штаб-квартирасына сокку жасагандыгын 17-июнда жарыяланган билдирүүдө маалымдашты.
«Бүгүн эртең менен КСИРдин Аба-космостук күчтөрү, сионисттик режимдин армиясындагы алдыңкы коргонуу системаларына карабастан, операциянын жүрүшүндө Израил армиясынын аскердик чалгындоо борбору АМАНга жана террористтик операцияларды пландаштыруучу борбор – «Моссадга» Тель-Авивде сокку жасашты», — деп келтирет билдирүүдөн Tasnim агенттиги.
«Моссаддын» операцияларды пландаштыруучу борборунда соккудан кийин өрт чыккандыгы да билдирүүгө кошумча катары жазылган.
Мындан мурда, 17-июнда, ирандык маалымат каражаттары күбөлөргө шилтеме берип, Иран Куралдуу Күчтөрүнүн соккулары Тель-Авивди шал кылганын, шаар көчөлөрү ээнсиреп калганын жана бул кадрлар видеого тартылып алынганын кабарлашкан.















