Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкян жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады.
Россиянын президенти Израилдин соккуларынын натыйжасында көп сандаган, анын ичинде карапайым калк арасындагы курмандыктарга байланыштуу Иран Ислам Республикасынын жетекчилигине жана элине көңүл айтты.
Владимир Путин Орусия Израилдин БУУнун Уставын жана эл аралык мыйзамдарды бузган аракеттерин айыптай турганын баса белгиледи.
Маалыматта белгиленгендей, Путин Израиль менен Иран өлкөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылыктарды тынчтык жолу менен чечүү жана сүйлөшүү процессине кайтуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Ирандын өзөктүк программасы менен байланышкан бардык маселелерди саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Москва Израиль-Иран ортосундагы чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн ортомчулук кызмат көрсөтүүгө даяр экени айтылды.
Эскерте кетсек, 13-июнга караган түнү Израилдин аба күчтөрү 200 согуштук учагы менен Ирандын өзөктүк программа жана аскердик объектилер менен байланышы бар делген ондогон буталарга сокку урду.
Нетаньяху соккулар улана турганын билдирген.
Кол салуудан Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири Хоссейн Салами, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генерал-майору Гуламали Рашид жана анын уулу, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери, корпустун Аба-космос күчтөрүнүн командачысы Амир-Али Хажизаде, ошондой эле үч физик-окумуштуу каза болду.
Чабуулдан кийин Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Израилдин аракеттеринин кесепети оор болорун билдирген.
13-июнь күнү кечинде Иран Израилдин чабуулуна жооп иретинде Израилге массалык сокку уруп, жүздөгөн баллистикалык ракеталарын учурду. Ислам революциясынын сакчылар корпусу “жүздөгөн буталарга, аскердик борборлорго жана аба базаларына” ракеталар атылгандыгын тастыктады.
















