Иран менен АКШнын ортосундагы өзөктүк маселе боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы 23-майда Римде өтөт.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргенин ведомствонун Telegram-каналы жарыялады.
Багаинин айтымында, Оман кийинки айлампаны “жума күнү Италиянын борборунда өткөрүүнү” сунуш кылган жана Ислам Республикасы “бул сунушка макул болгон”.
Ал ирандык сүйлөшүүчүлөр “иран элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чечкиндүү” бойдон экенин кошумчалады.
Буга чейин Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди 23-майда Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы болоорун Х соцтармактагы баракчасына жазган.
“Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн бешинчи раунду ушул жума күнү, 23-майда Римде өтөт”, – деп белгиледи ал.
Буга чейин Аракчи Иран менен АКШнын өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрүнүн 5-раунду болору белгиленип, жакында датасы расмий жарыяланарын билдирген.
Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен буга чейин төрт жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Акыркысы 11-майда Оман өлкөсүндө өткөн. Анын жыйынтыгында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи тараптардын позициялары жакындашканын жана “сүйлөшүү процессинде жылыш бар экенин” билдирген. Ошол эле учурда ал Иран АКШ менен ишенимди түзүү үчүн уранды байытуу деңгээлин жөнгө салууга даяр экенин, бирок байытуудан толук баш тартууга ниети жок экенин баса белгилеген.
Тегеран менен Вашингтондун кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн биринчи жана үчүнчү айлампасы 12 жана 26-апрелде Оманда, экинчиси 19-апрелде Римде өткөн. Сүйлөшүүлөргө Иран тараптан Тышкы иштер министрлигинин башчысы, америкалык тараптан АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф катышууда.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.















