Тажикстанда аскердик техникаларга жана жабдууларга болгон муктаждыктын бир бөлүгү эми жергиликтүү өндүрүш аркылуу камсыздалат.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапарынын алкагында Дангара районундагы Исмат Шарифинин атындагы кыштакта «Сипар Групп» ЖЧКсынын ар кандай үлгүдөгү бронетехникаларды жана башка аскердик жабдууларды чогултуу жана өндүрүүчү заводунун экинчи этабынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын расмий сайтында маалымдалат.
Заводдун жалпы аянты 40 гектарды түзөт. Бул ишкана өлкөнүн коргонуу техникасына болгон суроо-талабынын бир бөлүгүн өз өндүрүшүнүн эсебинен жабууга мүмкүнчүлүк берет.
Президент Эмомали Рахмон тармактын жооптуу кызматкерлерине жана ишкананын жетекчилигине техниканын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, сапатты заманбап талаптарга ылайык камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү адистерди даярдоо жана окутуу боюнча так тапшырмаларды жана сунуштарды берди.
Мындан тышкары, Корез кыштагында президент «Куруши Кабир Индастри» ЖЧКсынын эшиктерди, терезелерди жана алюминий панелдерин өндүрүүчү заводунун курулушунун негизине да капсула салды. Заводдун курулушу 12 миң чарчы метр аянтта жүрөт. Жылдык өндүрүш кубаттуулугу – 180 миң даана эшик, терезе жана алюминий панелдер. Заводдо эки өндүрүш линиясы болот.
Эскерте кетсек, 2023-жылы президент Эмомали Рахмон Турсунзаде шаарында «Сипар Групп» ишканасын ишке киргизген. Биринчи этапта чет өлкөлөрдөн айрым тетиктерди алып келүү менен 17 түрдөгү атайын техниканы чогултуу жолго коюлган. Завод жылына 120 техника чыгарууга жөндөмдүү болуп, мындан ары өндүрүш көлөмүн көбөйтүү пландалган.
Чогултулган техникалар Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө жөнөтүлүп, келечекте алардын чет өлкөлөргө экспорту да каралган.
Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир буга чейин билдиргендей, Тажикстанда чыгарылган бронетехника Өзбекстан жана Казакстандагы аналогдордон кем калышпайт. Анын айтымында, техника Канаданын технологиясы менен, республикада казылып алынган сапаттуу металл колдонулуп жасалууда.
























