20224-жылы дүйнө жүзү боюнча аскердик чыгымдар биринчи жолу рекорддук көрсөткүч 2,718 триллион долларга жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 9,4%га көбөйгөн. Бул Кансыз согуш аяктаган учурдан бери жылдык көрсөткүчтөгү эң ири өсүш болуп эсептелет.
Бул тууралуу Стокгольм эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) отчетуна таянып ТАСС агенттиги жазды.
Институттун эксперттеринин айтымында, аскердик чыгымдар дүйнөнүн бардык аймактарында көбөйгөн, айрыкча Европада жана Жакынкы Чыгышта тез өсүш байкалган. Жалпы дүйнөлүк аскердик чыгымдардын 60%ы АКШ, Кытай, Россия, Германия жана Индия сыяктуу беш өлкөгө туура келген. Бул өлкөлөрдүн жалпы чыгымдары 1,635 триллион долларды түзгөн. 2024-жылы коргонууга эң көп акча сарптаган 15 өлкөнүн бардыгы чыгымдарын көбөйткөн. 2024-жылы дүйнөлүк ИДПнын 2,5%ы аскердик муктаждыктарга жумшалган.
Россия жана Украинанын чыгымдары
SIPRIнин эсептөөлөрү боюнча, 2024-жылы Россиянын аскердик чыгымдары 149 миллиард долларга жеткен. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 38%га көп жана 2015-жылдагы деңгээлден эки эсе жогору. Былтыркы жылдын көлөмү ИДПнын 7,1%ын жана бюджеттин бардык чыгашаларынын 19%ын түзгөн.
Ал эми Украинанын аскердик чыгымдары 2024-жылы 2,9%га өсүп, 64,7 миллиард долларга жеткен.
Европа, НАТО жана АКШ
Европадагы (Россияны кошкондо) аскердик чыгымдар 17%га өсүп, 693 миллиард долларга жеткен.
“Украинадагы согуш үчүнчү жыл уланып жаткандыктан бүткүл континентте аскердик чыгымдар өсүүдө. Натыйжада, Европа өлкөлөрүнүн чыгымдары Кансыз согуштун аягында белгиленген деңгээлден ашып кетти. 2024-жылы Европанын бардык өлкөлөрү (Мальтадан башкасы) чыгымдарын көбөйтүштү”, — деп белгиленет баяндамада.
Германиянын чыгымдары 28%га өсүп, 88,5 миллиард долларга жеткен. Бул Борбордук жана Батыш Европа үчүн эң жогорку көрсөткүч жана дүйнөдө төртүнчү орунда турат.
Польша өзүнүн аскердик чыгымдарын 31%га көбөйтүп, 38 миллиард долларга жеткирген, бул өлкөнүн ИДПсынын 4,2%ын түзөт.
2024-жылы НАТОго мүчө бардык өлкөлөр өз аскердик чыгымдарын көбөйтүшкөн. Альянстын жалпы чыгымдары 1,506 триллион долларды түзгөн. НАТОго мүчө 32 өлкөнүн ичинен 18и ИДПнын кеминде 2%ын коргонууга жумшаган, 2023-жылы мындай өлкөлөр 11 болчу. Бул 2014-жылы НАТО аскердик чыгымдар боюнча жетекчилик кабыл алгандан берки эң жогорку көрсөткүч.
АКШнын аскердик чыгымдары 5,7%га өсүп, 997 миллиард долларга жеткен. Бул НАТОнун чыгымдарынын 66%ын жана 2024-жыдагы дүйнөлүк жалпы чыгымдардын 37%ын түзөт. Докладда белгиленгендей, 2024-жылы АКШ бюджети көбүнчө аскердик мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде өзөктүк потенциалды модернизациялоого жумшалган. Бул Россия жана Кытай үстүнөн стратегиялык артыкчылыкты сактап калуу максатын көздөйт.
Европадагы НАТО өлкөлөрүнүн жалпы чыгымдары 454 миллиард долларды түзүп, бул альянстын чыгымдарынын 30%ын түзөт.
Жакынкы Чыгыш
2024-жылы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн аскердик чыгымдары 243 миллиард долларга жеткен. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 15%га, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу 19%га көп.
Израилдин аскердик чыгымдары 65%га өсүп, 46,5 миллиард долларга жеткен. Бул 1967-жылдагы Алты күндүк согуштан бери жылдык көрсөткүчтөгү эң ири өсүш болду.
SIPRI маалымдагнадай, бул Газадагы согуштук аракеттердин уланышы жана Ливандын түштүгүндө “Хезболла” уюму менен жаңжалдын күчөшү менен түшүндүрүлөт. Израиль бул максаттарга ИДПнын 8,8%ке чейинкисин жумшайт, дүйнөдө экинчи жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Ливандын аскердик чыгымдары 58%га өсүп, 635 миллион долларды түздү. Бул экономикалык кризис жана саясий туруктсуздуктун айынан көп жылдык кыскартуудан кийин байкалган өсүш.
Ирандын аскердик чыгымдары 2024-жылы 10%га кыскарып, 7,9 миллиард долларды түзгөн. SIPRI баяндамасында белгиленгендей, санкциялар Ирандын чыгымдарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектеген.
Индия, Кытай жана Япония
Аскердик чыгымдар боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Кытай 2024-жылы чыгымдарын 7%га көбөйтүп, болжол менен 314 миллиард долларга жеткирген. Ага Азия жана Океания аймагындагы жалпы аскердик чыгымдардын 50%ы туура келет.
Тайвандын чыгымдары (SIPRIде өзүнчө эсептелет) 1,8%га өсүп, 16,5 миллиард долларды түзгөн.
Япониянын коргонуу чыгымдары 21%га көбөйүп, 55,3 миллиард долларга жетти. Бул 1952-жылдан берки эң чоң жылдык өсүш (ИДПнын 1,4% – 1958-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч).
Индиянын (дүйнөдө бешинчи орунда турган) аскердик чыгымдары SIPRIнин эсеби боюнча 1,6%га көбөйүп, 86,1 миллиард долларга жеткен.




















