9-апрелде Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтондо жолугушуу өткөрүп, анда Борбор Азия аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук маселелери талкууланды.
“Биз Өзбекстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы динамикасы жана келечектеги багыттары боюнча ар тараптуу пикир алмашуу үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушууга кубанычтабыз. Биз саясий диалогду бекемдөө, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, аймактык байланыштарды өнүктүрүү, Борбордук Азияда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу сыяктуу негизги темалардын кеңири спектрин талкууладык”, – деп жазды Саидов өзүнүн Telegram-каналында.
Ал Америка Кошмо Штаттарынын Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга чечкиндүү колдоосун жогору баалады.
“Америка Кошмо Штаттарынын Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга чечкиндүү колдоосун жогору баалайбыз. Биз стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында жогорку деңгээлдеги диалогду жана практикалык кызматташууну улантуу аркылуу эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын сактоого макулдаштык”, – деп кошумчалады өзбек дипломатиясынын башчысы.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюс жолугушууда Марко Рубио Өзбекстанды өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыгына ишендиргенин билдирди.
Ал Өзбекстандын ИШИМ террордук тобуна каршы глобалдык коалицияга толук кандуу мүчө болуу чечимин кубаттады.
Марко Рубио ошондой эле Өзбекстанга “Америка Кошмо Штаттарынан депортацияланган жарандарды кайтарууга көмөктөшүү аракети үчүн” ыраазычылык билдирди.
«Америка Кошмо Штаттары Өзбекстан менен коопсуз атомдук энергия технологияларын модернизациялоо, биздин өлкөлөр ортосундагы инвестицияны кеңейтүү, стратегиялык өнөктөштүгүбүздү мындан ары кеңейтүү үчүн маанилүү минералдар жана башка секторлор боюнча кызматташууну өнүктүрүү боюнча кызматташууга даяр», – деди Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы.
Белгилей кетсек, Бахтиёр Саидов Вашингтондо АКШ прездентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц менен да жолугушту.
“Биз аймактык жана эл аралык маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, Өзбекстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө болгон биргелешкен милдеттенмебизди ырастадык. Биздин диалог коопсуздук, экономикалык прогресс, аймактык байланыш жана Борбор Азиядагы туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө арналды”, — деп жазды Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы.



















