АКШ менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өз ара чоң бажы төлөмдөрүнүн шартында 80%га чейин азайышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) аналитиктери билдирди, деп кабарлайт «Интерфакс».
«АКШ менен Кытайдын ортосундагы сооданын чыңалуусу эки тараптуу сооданын кескин кыскарышынын олуттуу тобокелдигин жаратат. Биздин алдын ала эсептөөлөр боюнча, эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 80%га чейин төмөндөшү мүмкүн», — деди ДСУнун башкы директору Нгози Оконджо-Ивеала.
АКШ менен Кытай дүйнөлүк сооданын жалпы көлөмүнүн болжол менен 3%ын түзөт. «Дүйнөдөгү эң ири эки экономиканын ортосундагы өз ара бажы төлөмдөрү глобалдык деңгээлдеги кесепеттерге алып келип, дүйнөлүк экономиканын өсүү жагдайын олуттуу начарлатышы мүмкүн», — деп кошумчалады ал.
Өзгөчө тынчсыздануу жараткан нерсе — дүйнөлүк сооданын саясий альянстарга жараша бөлүнүү коркунучу.
«Эгерде дүйнөлүк экономика эки блокко бөлүнүп кетсе, анда реалдуу глобалдык ИДПнин узак мөөнөттүү төмөндөшү 7%га чейин жетиши мүмкүн», — деп эскертти Оконджо-Ивеала.
Анын айтымында, «дүйнөлүк коомчулук эл аралык сооданын ачык системасын сактап калуу үчүн бирге иш алып барышы керек. ДСУ мындай маселелерди сүйлөшүүлөр жана кызматташтык аркылуу чечүүгө жардам бере турган негизги платформа бойдон калууда».















