Америкалык миллиардер жана Өкмөттүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ведомствонун (DOGE) башчысы Илон Маск Түндүк Атлантика альянсын (НАТО) толук реорганизациялоону сунуштады.
«НАТО толук реорганизациялоону талап кылат», – деп жазган Маск соцтармакта, Юта штатынын республикачы сенатору Майк Линин постуна жооп берип жатып. Ли НАТО «өзүнүн маңызын жоготту»,- деп айтып, «суук согуш» доору өтүп кеткенин белгилеген.
Миллиардер буга чейин АКШнын трансатлантикалык багыттагы саясатын көп жолу сынга алып, Европа үчүн коргонуу чыгымдарын кыскартууга чакырган. Анын пикиринде, мындай чыгымдар өлкөнүн бюджетинин чоң дефицити жана мамлекеттик чыгымдардын өсүшү шартында кабыл алынбайт.


















