Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 30-январда Америка Кошмо Штаттарынан 369 казак жаранынын депортацияланышы тууралуу маалыматтарга жооп кайтарды.
Бул маалыматты ТИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып Zakon.kz жазды.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, кечээтен бери жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда “АКШнын жаңы президентинин саясатына байланыштуу миңдеген мыйзамсыз иммигранттар, алардын ичинде Казакстандын 369 жараны өлкөдөн депортацияланууда” деген маалыматтар кеңири жайылгандан кийин жооп берген.
Министрликтин басма сөз кызматы “Баары Fox News жаңылыктарына таянып жаңылыктарды чыгарышууда. Алардын арасында депортацияланууга тийиш болгон мигранттардын арасында 369 казак бар экени айтылат.
Бул маалыматты текшергенде Fox News мындай кабарды 2024-жылдын 11-декабрында чыгарганы белгилүү болду.
Демек, бул маалыматтын “АКШнын жаңы миграциялык саясаты менен эч кандай жалпылыгы жок”, – деген билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, “Мындай депортациялар ар бир өлкөдө күн сайын боло турган кадыресе көрүнүш. Андыктан өлкөгө мыйзамсыз келген адамдарга депортация болсо, өлкө бийлиги мындай фактыларды элчиликке же консулдукка билдирүүгө милдеттүү эмес. Ошондуктан биз мындай жаңылыктарды жарыялоодон мурун кылдат текшерүү жүргүзүүнү сунуштайбыз”,- деп кошумчалаган.
Эскерте кетсек, акыркы эки күндөн бери атайын сайттарда жана социалдык тармактарда АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) билдирүүсүнө таянып, АКШда мыйзамсыз жүргөн жана депортацияланууга тийиш болгон өлкөлөрдүн тизмесин жарыяланган.
Тизмедеги маалыматка ылайык, 2024-жылдын 24-ноябрына карата тизмеге депортацияланууга тийиш болгон 1,4 миллиондон ашык адам, алардын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын да тизмеси көрсөтүлгөн.
Мунун ичинде Казакстандын 369 жараны, Кыргызстандын 319 жараны, Тажикстандын 149, Түркмөнстандын 40 жана Өзбекстандын 975 жарандары бар экендиги белгиленген.
Мындан тышкары Пакистан, Бангладеш, Азербайжан жана башка мамлекеттердин жарандары да бар экендиги айтылат.
Эске сала кетсек, Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү башталгандан кийин иммиграция кызматтары өлкөдө каалаган чет элдикти тиешелүү документтери жок кармоого мүмкүнчүлүк берип, кеңейтилген ыйгарым укуктарга ээ болгон.
Ошол эле учурда Иммиграция жана Бажы коргоо органдары (ICE) мыйзамсыз иммигранттарды кармоо боюнча Кошмо Штаттарда операцияларды баштады.

















