Ирандын борбор шаары Тегеранда 22-январь күнү 20-Эл аралык суу жана суу менен жабдуу өнөр жайынын көргөзмөсү ачылды.
Иш-чаранын ачылышына өлкөнүн Энергетика министринин орун басары Мохаммад Жавабехт катышты.
“Туруктуу Иран: Интерактивдүү жана технологиялык башкаруу” деген ураан менен түп жаткан көргөзмөнүн максаты өлкөнүн суу өнөр жай тармагындагы жаңы жетишкендиктерин жайылтуу болуп саналат.
Эл аралык көргөзмөгө 150 ата мекендик компания жана Индия, Италия, Австрия, Германия жана Кытайдан 5 компания катышты.





























Discussion about this post