Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасындагы 12 кабаттуу мейманканадан өрт чыкканын CNN Turk телеканалы билдирди.
Каза болгондордун саны 10го, жаракат алгандардын саны 32ге жетти.
Өрт 12 кабаттуу жыгач имараттын ресторан аймагынан чыккан. 237 кишини камтыган мейманкана окуучулардын каникулуна байланыштуу 80-90% толуп калганы кабарланды.
Чакыруудан 40-45 мүнөт өткөндөн кийин өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге жетип келип, өрттү өчүрүүгө киришкен. Бирок имарат жыгачтан жасалгандыктан, жалын бат эле мейманкананы каптап кеткен.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өрт боюнча билдирүү жасады:
«Болу провинциясынын Карталкая шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн жарандарыбыздын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Биз бул каргашалуу окуяга башынан эле тиешелүү мекемелер аркылуу көз салып, дароо иликтөө иштерин баштадык», – деди ал.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Болу провинциясындагы “Карталкая” лыжа мейманканасында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы 21-январда кабарлагандай, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалыматты жергиликтүү расмий органдардан тактаган.



















