Калифорнияда токой өртүнөн келтирилген зыяндын алдын ала эсептөөлөрү 250-275 миллиард долларга чейин өстү. Бул тууралуу AccuWeather аба ырайын көзөмөлдөө кызматы билдирди.
“Түштүк Калифорнияда өрт күчөгөн сайын жана кыйроолук жоготуулардын масштабы уламдан-улам айкын болуп жаткандыктан, AccuWeather жаңыртып, жалпы экономикалык зыяндын алдын ала эсебин 250 миллиард доллардан 275 миллиард долларга чейин көбөйттү”, – деп айтылат билдирүүдө.
AccuWeather башкы метеорологу Джонатан Портердин айтымында, эң катуу өрт Санта-Моникадан Малибуга чейинки аймакта болуп, үйлөрдүн орточо баасы 2 миллион доллардан ашкан өлкөдөгү эң кымбат объекттерге таасирин тийгизет.
“Эгер жакынкы күндөрдө көп сандагы кошумча курулуштар күйүп кетсе, бул структуранын күйүп кетиши жана экономикалык жоготуулар боюнча Калифорниянын заманбап тарыхындагы эң чоң өрт болуп калышы мүмкүн”, – деп кошумчалады Портер.
Кырдаалды бороон-чапкындуу шамал курчутуп, өрттүн тез жайылышына себеп болуп жатканы белгиленет.
Кырсык 7-январда Батыш Лос-Анжелесте башталган. Токойдогу ири өрттүн натыйжасында бийлик он миңдеген тургундарды эвакуациялады.
Кырсыктан 24 киши каза тапканы дүйшөмбү күнү кабарланган. Дагы 23 киши дайынсыз болууда. Ага чейин 16 киши табылбай жатканы кабарланган.
Метеорология кызматы шамалдын ылдамдыгы саатына 113 километрге жетиши мүмкүн экенин эскертишти. Бул өрттүн башка жерлерде да тутанышына алып келиши ыктымал.
















