Өзбекстан менен Иран туризм боюнча биргелешкен комитет түзүүнү пландап жатканын «Dunyo» маалымат агенттиги билдирди.
Кызматташтыктын чоо-жайын Өзбекстандын элчиси Фариддин Насриев менен Ирандын маданий мурас, туризм жана кол өнөрчүлүк министри Сейед Реза Салехи Амири талкуулашты.
«Жолугушуунун жүрүшүндө туризм боюнча өзбек-иран биргелешкен комитетин түзүү жана ЮНЕСКОнун алкагында кызматташууну кеңейтүү маселелери да талкууланды», — деп айтылат маалыматта.
Министрдин айтымында, Иран президенти Масуд Пезешкиан Өзбекстан менен туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, атап айтканда, туристтердин өз ара агымын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Мындан тышкары, Иран тарап Өзбекстан Республикасынын туризм тармагынын өкүлдөрүн үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан 14-февралына чейин Тегеран шаарында өтө турган 18-эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууга чакырды.















