Бүгүн, 11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев Парламенттин сессиясында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын макулдашылгандыгы тууралуу маселеге токтолду.
Ал өз сөзүндө “Кудай буюрса биз чек араны тажик тарап менен толук такташып, макулдашып бүтүрдүк. Бүгүн, 11-декабрдан баштап, биз Тажикстанга жумушчу сапар менен кетебиз.
Азыр описаниенин картографиясын (географиялык карталар. ред.) баарын сызып, даярдап жатабыз.
Буюрса, январдын 10дорунан тартып силерге алып келебиз. Баары ачык-айкын болот. Ар бир участок боюнча, ар бир айыл, жер, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын”, – деди.
К.Ташиев Тажикстан менен чек ара маселеси эки тараптуу достук келишимдин негизинде чечилгендигин кошумчалады.
“Чек ара чечилгенде “сен уттуң, мен уттум” деген сөз болбош керек. Баары макулдашуу аркылуу достук менен чечилди. Бул боюнча маалыматты беремин” – деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери такталбай келе жаткан аймактар бар. Алардын айрым бөлүктөрү шахмат түрүндө болуп, эки мамлекеттин жарандарынын ортосунда келишпестикти жаратып келген. Айрыкча чек ара чырлары 2021-2022-жылдары кандуу кагылышууларга чейин жеткен.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын узундугу 972 чакырымды түзөт.
2002-жылдан 2020-жылга чейин 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.




















