Сауд Аравиянын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги Файяд аль-Рувайли сапары менен Иранга келди.
Сапардын алкагында ал Тегеран шаарында Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Багери менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
“Тараптар түрдүү маселелерди, анын ичинде коргонуу дипломатиясын өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүштү”,-деп айтылат маалыматта.
Багери өз сөзүндө Иран менен Сауд Арабиянын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы мамилелердин үзгүлтүксүз болушу азыркы кырдаалда аймакта жана ислам дүйнөсүндө өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
“Биз Сауд Аравиянын деңиз флотунун келерки жылы Ирандын деңиз күчтөрүнүн машыгууларына катышуучу же байкоочу катары кошулушун каалайбыз”, – деп билдирди Багери.
Ал Ислам Кызматташтык Уюмунун Сауд Аравиядагы кезексиз жыйынына токтолуп, бул жыйын ислам өлкөлөрүнүн элдеринин жакындашуусундагы жакшы кадам экенин белгиледи.

Файяд аль-Рувайли өз кезегинде эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташтыктын деңгээлинин жакшырышына баа берип, Пекин келишими эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу үчүн жакшы негиз болуп саналарын белгиледи.
“Биз бул келишимди стратегиялык мүмкүнчүлүк деп эсептейбиз”, – деди Аль-Рувайли.
Ал ошондой эле ислам өлкөлөрү жана аймактагы өлкөлөрдүн жакындашуусундагы эки өлкөнүн ролун жана таасиринин, эки өлкөнүн саясий жана коргонуу карым-катнаштарынын уланышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда генерал-майор Багери Сауд Аравиянын коргоо министрин Иранга келип кетүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, 11-13-ноябрда Эр-Риядда Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммити өтөт. Саммитте Палестина жана Түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаал талкууланат.















