Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Батыш Азиядагы (Жакынкы Чыгыш) кырдаал боюнча консультацияларды жүргүзүү максатында аймактагы өлкөлөргө жасаган сапарынын жыйынтыктоочу этабында Пакистанга эки күндүк расмий сапар менен барды.
Ал Исламабадда премьер-министр Шахбаз Шариф, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар жана Армиянын командири генерал Асим Мунир менен кеңири, пайдалуу жана терең сүйлөшүүлөдү жүргүзгөнүн Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи Х соцтармактагы баракчасында билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Пакистанга келгенге чейин чөлкөмдүн бир катар өлкөлөрүндө болгон. Атап айтканда, Аракчи Ливан, Сирия, Сауд Аравия, Катар, Ирак, Оман, Иордания, Түркияга, Бахрейнге жана Кувейтке барган. Бул сапарлар Газа жана Ливандагы учурдагы кырдаалды талкуулоо максатын көздөйт.

Ирандын ТИМ башчысы пакистандык кесиптеши Мохаммад Исхак Дар менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Исламабад менен Тегерандын Израилге карата бекем жана орток позициясын баса белгиледи.
“Тегеран сионисттик режимден айырмаланып, эч качан чыңалууну күчөткүсү келбейт, бирок БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык, ал өзүн-өзү коргоого толук укуктуу жана Иран сионисттик режимдин агрессиясына белгилеген убакыт жана кырдаалга ылайык жооп берет”, – деди Аракчи.
Ал Израилдин Газа тилкесиндеги жана Ливандагы агрессия жана ойлонбостон кол салуулары күчөгөн сайын сионисттердин варвардык мүнөзү ого бетер көрүнүп калганын кошумчалады.
“Биз Пакистандын премьер-министринин Израилдин агрессиясына каршы ачык позициясын жогору баалайбыз”, – деди ирандык министр.
Анын айтымында, Пакистандын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри сионисттик режимдин Иран Ислам Республикасына каршы агрессивдүү кылмышын катуу айыпташты.
“Израиль өзүнүн агрессиясы менен эл аралык укукту, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн ачыктан-ачык бузууга жол берди”, – деди ал.
Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар өз кезегинде Тегерандын Исламабаддын БРИКСке мүчөлүгүнө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.
















