Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандын ТИМ башчысы Кувейттин мураскер ханзаадасы менен аймактагы кырдаалды талкуулады

  • Батыш Азия, Саясат
  • 23.10.2024 12:28

Loading

Бахрейн жана Кувейттин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү үчүн Перс булуңунун түштүгүнө сапары менен барган Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Арагчи кечээ, 22-октябрда Кувейттин мураскор ханзаадасы жана тышкы иштер министри менен жолугушууларды өткөрдү.

Ирандын тышкы иштер министри Кувейтке келгенге чейин чөлкөмдүн бир катар өлкөлөрүндө болгон. Атап айтканда, Аракчи Ливан, Сирия, Сауд Аравия, Катар, Ирак, Оман, Иордания, Түркияга жана Бахрейнге барган. Бул сапарлар Газа жана Ливандагы учурдагы кырдаалды талкуулоо максатын көздөйт.

Аракчини кабыл алган Кувейттин мураскер ханзаадасы шейх Сабах аль-Халид ас-Сабах Иран менен Кувейттин эки элинин ортосундагы жакшы коңшулаштык жана бир туугандык мамилелерди сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бул жолугушууга Кувейттин Тышкы иштер министри Абдулла Али аль-Яхья да катышты.

Тема боюнча

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026

Ал ошондой эле аймактагы согушту токтотуу, качкындарга жардам берүү жана эскалациянын күчөшүнө жол бербөө үчүн аймактагы өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоого чакырып, Кувейт бул жаатта кызматташууга жана координациялоого даяр экенин билдирди.

Кувейттин мураскор ханзаадасы ошондой эле өлкөсү кургактан, деңиз же абадан өз аймагын кошуна өлкөлөргө зыян келтирүү үчүн ар кандай кыянаттык менен пайдаланууга жол бербей турганын белгиледи.

Анын айтымында, Кувейт аймактагы ар кандай кооптуулукту жана чыңалууну аймактын бардык өлкөлөрүнө жана элдерине зыян деп эсептейт жана мындай абалга жол бербөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот.

Ирандын ТИМ башчысы өз кезегинде Ислам Республикасынын аймактагы акыркы кырдаалга карата көз карашын түшүндүрүп жатып, аймактын коопсуздугун жана стабилдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жакшы коңшулаштык жана биргелешкен кызматташуу саясатын Иран Ислам Республикасынын тышкы саясатынын туруктуу принциптеринин бири деп белгиледи.

Аракчи Ливан жана Сириядан башталган акыркы эки жумадагы аймак өлкөлөрүнө жасаган сапарына менен консультацияларына токтолуп, баскынчы Израиль режиминин Газа жана Ливандагы агрессиясын жана кылмыштарын улантып жатканын абдан кооптуу деп сыпаттап, геноцидди дароо токтотуу жана Ливан менен Газадагы маанилүү инфраструктуралардын талкаланышына жол бербөө үчүн бардык өлкөлөрдөн, өзгөчө ислам өлкөлөрүнөн көбүрөөк аракеттерди көрүүгө чакырды.

Ал АКШ жана башка бир катар батыш өлкөлөрүнүн ар тараптуу колдоосунун аркасы менен Израиль режими жазасыз калып жатканын катуу сынга алып, Израилдин режиминин башчыларын жазалоо үчүн аймактагы мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн жана эл аралык уюмдар менен институттарды, анын ичинде Ислам Кызматташтык Уюмун, Эл аралык сот жана Эл аралык кылмыш сотун жана башка эл аралык органдарды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кувейттин Тышкы иштер министри Абдулла Али аль-Яхья өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын аймактык тынчтык жана коопсуздукту сактоо үчүн жасаган аракетине ыраазычылык билдирип, Кувейт аймактык жана эл аралык тараптар менен тыгыз кеңешип, жер которгондорго жардамды көбөйтүү жана Газа менен Ливандагы согушту жана кан төгүүнү токтотууга аракет кыларын белгиледи.

Жолугушуулардан кийин Аракчи маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

“Аймак өлкөлөрү биргелешкен аракеттер менен аймактагы катастрофанын алдын ала алышат”, – деп билдирди ал.

Аракчи Ирандын Израилдин аскердик жана коопсуздук объектилерине ракеталык чабуулу коргонуу аракети жана режимдин чабуулдарына жооп болгонун белгиледи.

Ал Израилдин коркутууларына байланыштуу аймактагы бардык өлкөлөр Иранга каршы ар кандай чабуулга каршы экендиктерин айтышканын белгиледи.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Аббас АракчииранКувейтСабах аль-Халид ас-Сабах
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

19.11.2026
Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.