Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов Ооганстандын дипломатиялык миссиясынын жаңы жетекчиси Абдул Гаффар Теравини кабыл алды, деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин сайтында.
«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан менен Ооганстандын ортосундагы мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү, пайдаланылбай жаткан потенциалды ишке ашыруу жана эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгына кызмат кылган жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгилешти», — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин сайтында.
Абдул Гаффар Терави Өзбекстан тараптан ар дайым көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн Ооганстандын атынан ыраазычылык билдирди.
Буга чейин Өзбекстандын маалымат каражаттары талибдер Өзбекстан менен АКШнын учактар боюнча келишимине каршы экенин жазган.




















